Жайыл кыштагыЧүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Жайыл айыл округуна караштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору – Кара-Балта шаарынан жана т. ж. бекетинен 14 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1303 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, амбулатория, ФАП бар. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатыры М. Э. Скворцова туулган.

Отурукташкан жай
Жайыл
Район Кыргызстан
Координаттар 42°52′45″ с. ш. 73°48′08″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1930
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1202 адамды (2015)
Сандык идентификаторлор
Жайыл, Жайыл району (Кыргызстан)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1