Жалал-Абад шаарындагы эл-аралык университет

Жалал-Абад шаарындагы эл-аралык университети Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан университет.

Жалал-Абад шаарындагы эл-аралык университети
Урааны

"Сапаттуу билим - келечекке айкын жол!"

Негизделген жылы

1993

Ректору

Токтомаматов, Кантөрө Шарипович

Жайгашкан жери

Жалал-Абад,  Кыргызстан

Сайты

http://uep.kg

Тарыхы түзөтүү

Экономика жана ишкердик университети 1993-жылы биринчи болуп Жалал-Абад коммерциялык институту атында негизделген. 2005-жылдан баштап Экономика жана ишкердик университети, 2017-жылдан Жалал-Абад шаарындагы эл-аралык университети атында иш жүргүзөт.

Төмөнкү адистиктер боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдайт түзөтүү

  • Ишкана экономикасы жана башкаруу
  • Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл
  • Финансы жана кредит
  • Экономикадагы маалыматтык системалар
  • Бажы иши
  • Менчикти баалоо жана башкаруу
  • Уюм менеджменти
  • Эл аралык мамилелер
  • Социалдык - маданий тейлөө жана туризм
  • Экономикадагы математикалык усулдар
  • Колдонмо математика жана информатика
  • Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу

Жалал-Абад шаарындагы эл-аралык университетинин бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билими тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплому берилет. Кыргыз - Түрк факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө кошумча Түркия Республикасынын үлгүсүндөгү диплом берилет. Колледждин бүтүрүүчүлөрүнө орто кесиптик билими тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплому берилет. Окуу жайдын профессор - окутуучулар курамы жогорку квалификациядагы, тийиштүү илимий наам - даражалары бар, жогорку окуу жайларда жана экономиканын ар кыл тармактарында жетиштүү тажрыйбага ээ адистерден турат. ЭИУнун материалдык - техникалык базасы жетиштүү. Китепкана фондунда заман талаптарына ылайык окуу китептери жана колдонмолор. Компьютердик кабинеттер жаңы компьютерлер жана ага удаалаш, шайкеш жабдыктар менен камсыздалган. Алыс жактан келгендер үчүн жатаканада орундар кеңири. Студенттер кызматында студенттик ашкана, медпункт, тиш дарылоочу кабинет, маданий - эстетикалык борбор, спорт клубу бар. Окуу жайдын студенттери аскердик кафедрада билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн офицери деген наам берилет.

Шилтемелер түзөтүү