Жапаров Амантур Забирдинович

Жапаров, Амантур Забирдинович‎»‎ барагынан багытталды)

Амантур Забирдинович Жапаров (10.3.1958) - кыргыздын заманбап тарыхчы-этнограф окумуштуусу, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын антропологдор ассоциясынын мүчөсү.

Кыскача өмүр таржымакалы

түзөтүү

Амантур Забирдинович Жапаров Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кара-Коо айылында (мурдагы Карл Маркс атындагы колхоздун айылдарынын биринде) туулган.

1980-1985-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетинде жогорку билим алган. Дипломдук ишинин темасы "Кытайдын Ыраакы Чыгыштагы жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы 1964-1980-жж. тышкы саясаты" деп аталган. Илимий жетекчиси тарых илимдеринин кандидаты, доцент Туратбек Жоробеков болгон.

1985-1988-жылдары Тоң районунда Кызыл-Туу орто мектебинин тарых мугалими болуп иштеген.

1988-1997-жылдары КРдин УИАсынын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп эмгектенген.

1997-2003-жж. Кыргыз УИАсынын коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы болгон.

2002-жылы Кыргыз Ресубликасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунда этнография, этнология жана антропология багыты боюнча аспирантураны аяктаган. Ошол эле жылы «Кыргыздардын салттуу мал чарбачылыгы жана социалдык уюмдашуусу» («Традиционное скотоводство и социальная организация у кыргызов») деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Илимий жетекчиси тарых илимдеринин доктору, профессор И.Б.Молдобаев болгон.

2003-2004-жылдары Кыргыз УИАсынын Тарых институтунун ага илимий кызматкери, 2005-жылы институттун директору болгон. Андан кийин институттнун Археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2008-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын Илимий-билим берүү борборунун директору болуп иштеген.

2011-2018-жылдары КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун Этнология бөлүмүнүн башчысы болду.

2018-жылдан бери КР УИАнын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун Этнология бөлүмүндө жетектөөчү илимий кызматкер.

Докторлук ишинин темасы: «Кыргызстандын тоолуу райондорундагы мал чарбачылыгынын азыркы маселелери: чарбалык, социомаданий, экологиялык аспектилер». Ал эми жана илимий кеңешчиси: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Владимир Плоских.

Коомдук ишмердиги

түзөтүү

Амантур Жапаров Борбордук Азияны иликтөө боюнча француз институтунун Бишкектеги координатору.

Илимий ишмердиги

түзөтүү

Этнология, этнография, тарых жаатында бир катар илимий эмгектер жарыялаган.

2001-жылдан тартып көчмөндөрдү салыштырып иликтеген эл аралык долбоорго катышып, үч жолу Африкадагы Нигер өлкөсүнө барып, туарегдердин салт-санаасын, этнографиясын изилдеген.

Буриятияда (Орусия Федерациясы) илимий сапарда болгон.

2003-жылы Франциянын Гренобль шаарында болуп, француз тили боюнча билимин өркүндөткөн. Париждеги илимий жыйындарга катышкан.

Сыйлыктары

түзөтүү
  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун Ардак грамотасы (2002-ж.)
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун Ардак грамотасы (2010-ж.)
  3. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын диплому (2016-ж.).

Эмгектеринин тизмеси

түзөтүү

Китептери

түзөтүү
  1. Традиционное скотоводство и социальная организация у кыргызов. Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты.- Бишкек, 2002. 24 б.
  2. Проблемы современного скотоводства в горных районах Кыргызстана. Тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты.- Бишкек, 2021. 44 б.

Макалалары

түзөтүү

Эл аралык илимий журналдарда жарыяланган макалалар (SCI,SSCI,Arts and Humanities):

  1. Токтобюбю Джунушакуновна  Баялиева // Этнографическое обозрение1998 .-№4. 186-189-бб. И. Молдобаев менен бирге.
  2. Памяти Имеля Бакиевича Молдобаева // Этнографическое обозрение, №5, 2006. 187-190-бб. Ж. Пиримбаева менен бирге.
  3. Kniazev Alexandre (2006), le coup d’etat de 24 mars en Kirghizie, Bishkek // Herodote.-2008/2 n° 129. - 254-256-бб.
  4. The Issue of Chinese Migrants in Kyrgyzstan // Chine and Eurasia Forum Quarterly, Vol . 7.,° 1., 2008. - 79-91-бб.
  5. L'élevage du cheval au Kirghizstan // Études mongoles et sibériennes, centrasiatiques et tibétaines, № 41., 2010.  https://emscat.revues.org/1575
  6. Современное скотоводство в Кыргызстане // Этнографическое обозрение, 2016. №2. - 55-72-бб.
  7. Contemporary Livestock Husbandry in Kyrgyzstan // Anthropology & Archeology of Eurasia, 56: 1-2. 2017. – 52-78-бб.
  8. Кыргызские национальные войлочные изделия: современные трансформации // Этнографическое обозрение, 2019. № 1.- 166-180-бб. К.Белек, А. Асангулова менен бирге.


Эл аралык илимий журналдарда жарыяланган макалалар:

  1. Gocebe Kirgizlarin Oba (Avul) Teskilati // Turkler, vol.19. 538-544 - бб.
  2. Le Kirgizstan : laboratoire de la nouvelle gouvernance mondiale // Transitions, Les enjeux de la sécurité en Asie centrale.- Vol. XLYI. 69-89-бб. Б. Петрик менен бирге.
  3. A propos de l identite actuelle des pasteurs «nomades» de la region de Naryn // Les cahiers d’Asie Centrale.Asie centrale: La définition des identités, n°19-20. 325-342-бб.
  4. The of medical herbs in Kyrgyz traditional medicine // The Intangible courier of Asia and the Pacific. – vol. 14. – 6-б.
  5. Использование сезонных пастбищ в Кыргызстане и экологические проблемы // Мир Большого Алтая. 2015. №1 (3). – 235-244-бб.
  6. Meat distribution rules and significance of radial bone (kar zhilik) in kyrgyz traditional knowledge // CASCA, № 2. Food and identity in Central Asia, Halle (Saale), 2017. - 126-140-бб.
  7. Deported Karachays in Kyrgyzstan: The Experience of Integration // Global Centre for Pluralism. https://www.pluralism.ca/
  8. Роль домашних животных в расширении социальных связей кочевников – кыргызов // Центральная Азия и культура мира, №1-2 (17-18). 2005.- 67-81-бб. С. Жаксон менен бирге.
  9. Народные знания о горных ландшафтах и экологическое сознание киргизов // Право и практика, 2017. № 3.- 186-191-бб. К. Карабукаев менен бирге.
  10. Взаимосвязь традиционной охоты с народным календарем у кыргызов – кочевников // Россия – Кыргызстан на пути к интеграции. т.1. Евразия. М., Октябрь 2006.- 43-51-бб. Э. Токтакунова менен бирге.


Эл аралык илимий жыйындарда баяндамасы сунулган жана жарыяланган макалалар:

  1. Көкөтөйдүн керээзиндеги төрт түлүк малдын ээлеген орду // “Манас” эпосу жана дүйнө элдеринин эпикалык мурасы: Эл аралык симпоз: тез. Бишкек,1995. – 32-33-бб.
  2. Некоторые вопросы традиционного коневодства // Вестник Кыргызского государственного национального университета. - Вып. 3, ч.2, 1998. - 138-143-бб.
  3. Семья у кыргызов в постсоветское время // 3 конгресс этнографов и антропологов России.- М. 1999.- 224-б.        
  4. О производственном цикле традиционного кочевого хозяйства кыргызов // Животноводство и скотоводство в Казахстане на этапе перехода к рыночным отношениям. Материалы международной конференции “Современное состояние скотоводства и животноводства в Казахстане и перспективы их развития” (Алматы 12-13 января 1999 г). - М., 1999.- 262-266-бб.
  5. Современные кочевники  высокогорного Нарына и рынок // Мир кочевых цивилизаций: история и современность.- Чита - Агинское, 2007.- 313-318-бб.
  6. Элементы государственности у кочевников и оседлые общества // Феномен кочевничества в истории Евразии. Номадизм и развитие государства.- Алматы, 2007. - 85-93-бб.
  7. Празднование Нооруз в Кыргызстане // Цивилизации Центральной Азии: земледельцы и скотоводы традиции и современность- Самарканд, 2002.- 84-85-бб. А. Токтоматова менен бирге.
  8. О производственном цикле традиционного кочевого хозяйства кыргызов // Животноводство и скотоводство в Казахстане на этапе перехода к рыночным отношениям.- М., 1999.- 262-266-бб.
  9. К вопросу об иерархии социального пространства у кочевников-кыргызов // Document de travail de l’ IFEAC (Рабочие документы ИФЕАК) №6. Восприятие пространства и времени в культурах Центральной Азии. Тексты некоторых вытуплений на международной конференции, организованной IFEAC в 2000 г. в Ташкенте. – 2004. - 107-114-бб.
  10. Коллективдүү сый тамак жана бийлик. Доклад // «Еда и власть: от Центральной Азии до Османской империи» , Ташкент, 2006-ж. марты  
  11. Community management of high-alpine grasslands in the Kyrgyz Republic: social, economic and ecological implications // Gouverning shared resources: connecting local experience to global challenges. -Cheltenham, 2008. Н. Эсенгулова, Э. Мамытбеков менен бирге.
  12. Кочевники Внутреннего Тянь-Шаня и пастбищные ресурсы // Вклад кочевников в развитие мировой цивилизации. Сборник материалов Международной научной конференции. Алматы, 21-23 ноября 2007 г. - Алматы, 2008. - 153-157-бб.
  13. Вопросы адаптации скотоводов к условиям рыночных отношений // Материалы международной конференции «Мир номадизма: прошлое и будущее». - Бишкек, 2009. - 380 – 388-бб.
  14. О традиционном обычае жоро бозо у кыргызов // Материалы международной научной конференции «Социальные и культурные практики Евразии в имперском пространстве» 28-29 июля 2014 г. Усть-Каменогорск, 2014.
  15. Природный и культурный ландшафты локального пространства (на примере горной долины Внутреннего Тянь-Шаня) // СБОРНИК МАТЕРИАЛОВ XI КОНГРЕССА АНТРОПОЛОГОВ И ЭТНОЛОГОВ РОССИИ (Екатеринбург, 2–5 июля 2015 г.).- Москва-Екатеринбург, 2015.- 190-191-бб.
  16. Cattle-breeding in Kyrgyzstan // The post-Soviet reality 14th Bi-Annual Conference of the European Society for Central Asian Studies (ESCAS) Central Asia in the XXI Century. Historical Trajectories, Contemporary Challenges and Everyday Encounters October 8-11, 2015. Zurich, Switzerland. - 42-43-бб.
  17. Борбордук Азияны изилдѳѳ боюнча Европа коому (ESCAS) жана Борбордук Евразияны изилдѳѳ коомунун (CESS) биргелешип уюштурган конференциясы  ( АУЦА, Бишкек  29 июнь - 2 июль 2017 –ж).
  18. “Кыргыздардагы салттуу аңчылык”. Доклад // “Түрк элдеринин маданияты жана тарыхы” Эл аралык симпозиуму (2018-ж. 18-21-апрели Йедитепе университети, Стамбул).
  19. Kirgiz ve Türk Konar-Göçerlerındekı Hayvancilik Kültürü // Yörükler Orta Asya'dan Anadolu'ya. Йөрүктөр симпозиумунун материалдары 2019-ж. 08-10-февралы . Ed. Ilhan Sahin.- 379- 392-бб.
  20. Разделение труда у скотоводов горных районов Кыргызстана // Энесай кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз Муратбек Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган “Кыргыз каганаты тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык тажрыйбалык жыйындын материалдары.- Бишкек, 2018.- 239-245-бб.
  21. “Адам жана эчки: экономикалык жана маданий өңүт”. Доклад // Эл аралык Алтай элдери симпозиуму (VIII 2019-ж. 19-23-августу, Бишкек-Чолпон-Ата).
  22. “Кыргыз малчыларынын жайлоодогу турмушундагы салтуулук жана өзгөрүүлөр”. Доклад // Жайлоо маданияты боюнча Эл аралык симпозиум (2019-ж. 26-28-сентябры, Гиресун, Турция).
  23. Традиционные весенне-летние обряды и связанные с ними верования киргизов // Оазисы шелкового пути: современные проблемы этнографии, истории и источниковедения Центральной Азии.- М. 2018. 678-694-бб. Э. Токтакунова менен бирге.
  24. “XX к. биринчи жарымындагы кыргыздардын мал чарбачылыгы”. Доклад // “Маданий глобалдашуу шарттарындагы Борбордук жана Түндүк Азиянын көчмөндөрү” Эл аралык илимий онлайн-симпозиуму (2021-ж. 23-апрели, Якутск).


Республикалык рецензиялуу журналдарда жарыяланган макалалар:

  1. Научная конференции 85-летию со дня рождения д.и.н.С.М.Абрамзона и 80-летию со дня рождения д.и.н. А.Н.Бернштама  (27-28 ноября 1990 г.) // Известия Академии наук Республики Кыргызстан-1991. - № 2.- 67-68-бб.
  2. О традиционном овцеводстве у кыргызов // Известия Национальной академии наук Кыргызской Республики-1998. - № 4. -57-59-бб.
  3. Некоторые вопросы традиционного коневодства // Вестник Кыргызского государственного национального университета.- Вып. 3, ч.2, 1998.- 138-143-бб.
  4. Семья у кыргызов в постсоветское время // Известия Национальной академии наук Кыргызской Республики- 2001.- № 1-2. - 66-68 - бб.
  5. Путеводитель в мир источников по истории Кыргызстана // Диалог цивилизаций, №1. (6), 2005. - 109-111-бб.
  6. Ценное исследование по истории Кыргызстана // Известие НАН КР, 2006, №2. – 171-173-бб.  А. Джуманалиев менен бирге.
  7. Нооруз майрамы кыргыздарда // Вопросы истории Кыргызстана №1, 2006.- 108-112-бб.
  8. Среди туарегов Аира // Вопросы истории Кыргызстана №2, 2006.- 139-146-бб.
  9. Кузьмина Е.Е. «Арии – путь на юг» М.-Спб.- 2008. // Диалог цивилизаций, № 9. Бишкек, 2009. - 151-153-бб. В.Плоских, Д. Сарыгулов менен бирге.
  10. Местная власть: социальные связи и неформальные лидеры // Вестник КНУ: Серия 1. Гуманитарные науки.- Выпуск VIII: История. Археология. Этнография.- Бишкек: КНУ, 2009.- 165-170-бб..
  11. Магия и запреты в скотоводческом хозяйстве // Вопросы истории Кыргызстана  № 4, 2011.- 146-150-бб.
  12. Проявление элементов экологического сознания при использовании пастбищных ресурсов // Гуманитарные проблемы современности. Вып.15. 2012.- 265-268-бб. К. Карабукаев менен бирге.
  13. Значение экосистемы гор и традиционных знаний в трансмиссии экологической культуры кыргызского народа // Гуманитарные проблемы современности. Вып.15. Бишкек, 2012. К. Карабукаев менен бирге.
  14. О значении верблюда в хозяйственной и культурной жизни кыргызов // Кыргызпатенттин кабарлары: интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери. № 2. 2013.- 49 – 53-бб.
  15. Тоолуу өрөөндүн ландшафты жана айылдыктар // Вопросы истории Кыргызстана.- № 4 (27).- 2012.- 164-168-бб.
  16. Историческая наука в  реалиях  Кыргызстана // Вопросы истории Кыргызстана. № 3-4, 2013. К. Каракеев менен бирге.
  17. О традиционной культуре природопользование кыргызов // Вопросы истории Кыргызстана. № 3-4. 2014.- 121 – 127-бб.
  18. Кыргыз элинин күз-кыш мезгилдериндеги майрамдары менен ырым-жырымдары // Известие НАН КР, 2020., №1.- 117 – 122-бб. Т. Көкөев менен бирге.


Республикалык илимий чогулуштарда сунулган жана баяндамалар жыйнагында басылган баяндамалар (докладдар):

  1. Проблемы развития скотоводства в Кыргызской Республике // Наука и наукоемкие горные технологии: региональная научно-практическая конференция. – Бишкек, 2000.- 225-б. С. Кляшторный менен бирге.
  2. Кыргызстандын тоолуу кыштагы: постсоветтик өзгөрүүлөр. Доклад // Академик С. Табышалиевдин 80 жылдыгына ранлган конференция.- Бишкек, 2008-ж. 23-апрели.
  3. Амантур Акматалиевдин кыргыз этнографиясына кошкон салымы тууралуу // Агартуучу, журналист жана этнограф Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев (1934-2002). Чыгаан калемгердин 80 жылдыгына арналган жыйнак. – Бишкек, 2014.-   38-39-бб.
  4. Устат тууралуу сөз // Имел Молдобаев  жана  заманбап  кыргыз этнографиясы (Бишкек, 2017-ж. 18-апрели).
  5. Койдун кар жилиги жана этникалык аң сезим. Доклад. // Кыргызстандын этнологдорунун жана антропологдорунун III Конгресси (Ош, 17-18 июнь 2016-ж.). Булардан сырткары дагы ондогон илимий жыйындарда баяндамалар жасалган.


Башка рецензиясыз макалалар:

  1. Кыргызы в Узбекистане (к вопросу об этнической и культурной идентификации) // Кыргызстан- наше отечество. -Бишкек, Мурас1997. 93-94-бб.
  2. Кыргызы Узбекистана (к проблеме расселения и численности) // Фергана долина дружбы и взаимосогласия.-  Бишкек: Мурас-Учкун, 1998. 54-57-бб.
  3. Кар жиликке байланышкан ырымдар // Обычаи,традиции и обряды народов Востока.-Бишкек,1999.  45-48-бб.  
  4. 1946-жылы өткөрүлгөн Тянь Шань этнографиялык экспедициясы жөнүндө // C.М.Абрамзон и вопросы кыргызской этнографии. Бишкек 2006. – 202-209-бб.
  5. Сүйүмкан эжеге таазим // Өрнөктүү өмүр: профессор С. Өмүралиеванын жаркын элесине.- Б. 2016. 54-61-бб.
  6. О юбилейной церемонии у кыргызов // Кыргыз тарыхынын актуалдуу маселелери: өтмүшү, азыркысы жана келечеги. Тарыхчы, чыгыш таануучу Анварбек Мокеевдин 70 жылдык юбилейине арналган илимий макалалар жыйнагы. – Бишкек, ИП Эралиева Ж.С. - 2019. 332-337-бб.

Китептердеги бөлүмдөр:

түзөтүү
  1. Atlas of Central Asian artistic crafts and trades.  Vol.III.- Kyrgyzstan.-Bishkek. 2002.- 176 б.
  2. Из истории села Темир // Этносоциальные процессы в Кыргызстане. - М. 1994. 7-16-бб.
  3. Кочевая община у кыргызов: культурные традиции //  Суверенный Кыргызстан: проблемы традиций и социальной целостности.- Бишкек: Илим, 1999. 29-42-бб.
  4. Киришүү // Кыргызстандын тарыхы. 2-том. - Бишкек, “Кут-Бер”, 2016. 3-7-бб.
  5. Чарбачылыгы (тармактары, типтери) // Кыргызстандын тарыхы.2-том. - Бишкек, “Кут-Бер”, 2016. 74-86-бб.
  6. Элдик билимдер //  Кыргызстандын тарыхы.2-том. - Бишкек, “Кут-Бер”, 2016. 411-420-бб.
  7. Географические условия и традиции природопользования // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 11- 22-бб. Т. Эшенкулов менен бирге.
  8. Скотоводство // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 106-124-бб. З. Эргешов, Р.Рахимов, Г. Ситнянский менен бирге.
  9. Земледелие // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 124-134-бб. С.Тажиматов, Г. Ситнянский менен бирге.
  10. Охота // Кыргызы.- М. “Наука”, 2016. 134-144 бб. О. Акжолов менен бирге.
  11. Средства передвижения // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 233-244-бб.
  12. Община // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 245-252-бб.
  13. Родоплеменная структура // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 269-275-бб. Т. Асанов менен бирге.
  14. Календарные праздники и обряды // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 357-366-бб. К. Ибраев менен бирге.
  15. Игры и развлечения // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 380-390-бб. Г. Симаков, А. Илебаев менен бирге.
  16. Народный календарь // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 442-448-бб. Р. Жолдошов менен бирге.
  17. Народная медицина // Кыргызы. - М. “Наука”, 2016. 448-456-бб.

Которгон китептери

түзөтүү
  1. Ф.А. Фиельструптун Из обрядовой жизни киргизов начала ХХ века. М. 2002. деген китебинин “Свадебные обряды у киргизов”, “Обряды связанные с хозяйственным бытом”, “Фольклор” бөлүмдөрү кыргыз тилине которулган.   Китеп 2017-ж. Ф.А. Фиельструп Кыргыздардын ХХ к. башындагы жашоо-тиричилигиндеги ырым-жырымдар деген аталышта Бишкектеги “Кут-Бер” басмаканасында жарык көргөн.

Китеп редакторлугу

түзөтүү
  1. Наследие материальной и духовной культуры Кыргызстана.- Бишкек, Илим, 2005.- 158 б.
  2. Культурное наследие и народное творчество.- Бишкек, 2006.- 222 б.
  3. Усубалиева А.С. Адам жашоосуна байланыштуу каада-салттар.– Бишкек, 2016.- 164 б.
  4. Кыргызстандын тарыхы, 2-том.-Бишкек, 2016.- 618 б.
  5. Кыргызы.- М. “Наука”, 2016.- 628 б.

Шакирттери

түзөтүү

Кандидаттык иштер:

  1. Усубалиева Айнура “Кыргыздардагы адамдын өмүр сүрүү циклине байланыштуу каада-салттар (Талас облусунун мисалында)”. – Бишкек, 2014.

Магистрдик иштер:

  1. Мукалиева Гүлзат “Кыргызстандагы улут аралык нике (Ысык-Көл областынын мисалында)”. – Бишкек, 2011.
  2. Малахова Татьяна “Азыркы кыргыз коомундагы зыярат феномени”. – Бишкек, 2012.
  3. Асан кызы Айжамал “Совет мезгилиндеги тоолуу райондордогу кыргыз кыштактары (1919-1940-жж)”. – Бишкек, 2020.
  4. Карабеков Өмүрбек “Кыргыз элинин ишенимдериндеги ыйык жерлердин орду (Жалал-Абад, Ош облусунун мисалында)”. – Бишкек, 2020.
  5. Баястанов Нурпаис “XIX к. аягы - XX к. башындагы Кыргызстандын коомдук турмушундагы диндин орду”. – Бишкек, 2020.
  6. Турсуниязова Перизат “ХХ к. биринчи жарымындагы мектеп окуучулары: этнографиялык аспект”. – Бишкек, 2020.

Интернеттеги шилтемелер

түзөтүү