Жатакчы – 19-кылымдын 1-жарымындагы көчмөн кыргыз жамаатындагы дыйканчылык менен кесиптенген адамдар, малы жоктон жайында жайлоого көчө албай, кыштоодо калган кедейлер тобу. Жатакчылар өз жерлерин гана иштетпестен, уруулаш бай туугандарынын да жерин кароого милдеттүү болушкан. Бир нече үй-бүлө чогуу калып, өзүнчө «жатакчылардын айылын» түзүшкөн. Жатакчылар айдалган эгинди карап, сугарып, отошкон, чөбүн чабышкан. Өз эмгектери үчүн жатакчылар саан уй, күч же унаа алып калышкан. Жерди буурсун менен айдашкан, таруу, буудай, арпа себишкен. Жайлоодон келгендер жатакчыларга айран, курут, сүзмө ала келишкен. Жатакылык жер иштетүүчү эмгек куралдарынын жөнөкөйлүгүнө, продукциясынын аздыгына карабастан, кыргыз элинин экономикалык турмушуна кире баштаган. Жатакчы өзүнчө социалдык катмарды түзүү менен, айылдык көчмөн жамаатынын бузулушуна түрткү берген. Совет бийлиги орногондон кийин коомдук-экономикалык кайра куруулар, кыргыз элинин көчмөн жана жарым көчмөн турмуштан отуруктуу турмушка өтүшү жатакчылардын жоюлушуна алып келген.

Колдонулган адабият

түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.