Желмогуз уулу Сарыбай келип казат баштап, урушуп жүргөн жери

Желмогуз уулу Сарыбай келип казат баштап, урушуп жүргөн жери Бул окуя Саякбай Каралаевдин вариантына гана таандык. Карадөө мурдагы адаты менен «Арстан атып, жолборс кууп, Аюу, марал, бугу кууп жүрүп», мурда адам барбаган бир жерге туш келет. Ал жердин ээси — Желмогуз уулу Сарыбай дөө башынан Манастын тукумуна каршыгып калып, кимиси болбосун жок кылууну көздөп жүрөт. Ал да жерин чалып жүргөн кези экен. Карадөө «Манас» деген ураан менен качырып сала берет. Ушу жерде Карадөө менен Сарыбай дөөнүн ар кимисинин жеке сапаты кеңири сүрөттөлөт. Катуу кармаштын негизинде Карадөө Сарыбай колдуу каза табат. Сарыбайдын душманчылыгынын себеби Манастын тушунда анын карындашы Карлыгач Желпиниш жериндеги жаман деген элдеги Жарманаска турмушка чыгат. Алардын айлын Сарыбайдын атасы Желмогуз чапканда Жарманас өзүнүн кайындары Манас, Алмамбет, Сыргак, Чубактарды чакыртып алып, жети күндүк согушта Манас Желмогузду баштап кырат. Экинчиси, Сарыбай Чубактын Көгала тулпарын талашат. Сарыбайдын кыргызга кол салышынын маңызы ушуга такалат. Карадөөнүн өлтүрүлгөнүн Бозбаладан угуп, Күлчоро, Сейтектер Сарыбайга беттешип, бирок жеңише албайт. Бул Семетей, Күлчоролордун мурдагыдай ал-күчкө келбегенине, Сейтектин жаштыгына байланыштуу түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4