Жети кандын чатагы («Манас» эпосу)

Жети кандын чатагы («Манас» эпосу) — «Чоң казат » бөлүмүнүн киришүүсү катары милдетти аткарган окуя. Өзүнчө чыгармалык белгилерге ээ. Эпостогу белгилүү эпизоддордун бири.

Көкөтөйдүн ашында Манастан кагуу жеп, тил уккан тең ата кандар чыр баштамак болгондо Кошой орчун жыйын үстүндө ыркыбыз кетип, уят болбойлу, азыр ашты Манас бийлеп өткөрө берсин.

Аш бүтүп, эл тарагандан кийин өзүм баш болуп барып Манасты алдыңарга жыгып берем — деп тыйып койгон экен. Аш тарагандан жыл маалына айланганда он үч кан чогулуп алып, баягы убадаңыз кана? — дешипКошойгобарышат. Кошой камырабай: колуңардан келсе барып Манасты чаап ала бергиле, келбесе тим болгула, карыган кишини эрмектеп тамаша кылбагыла, менин тилимди алсаңар жөн жүргүлө — деп коёт.

Жетөө Кошойдун тилин алып үй-үйүнө кетип, калган жетөө (эпосто адатта жети кан делет, бирок чынында алтоонун гана аты аталат) ыргылжың болуп турушуп, Төштүктүн жер алдынан чыкканына арнап берген тоюнда олтуруп кеңешишет. Үрбүнүн акылы боюнча конокко кел, же конокко барабыз — деп, кабар берип, эгер конокко келип калса экиден-бирден бөлүп алып, жалгыздатып барып ыза көрсөтүп, эгер акылынан шашып конокко келгиле десе эсепсиз көп эл менен барып жүдөтүп, күтө албадың деп доомат айтып, көрүнөө зордук кылып, өч алмак болгон бүтүмгө келишет. Ар бири бирден тандамал жигит чыгарып, кат жазып берип, Манаска чогоол — чогоол сөз айтып сүйлөшкүлө, чочоңдоп чоң болгусу келсе бузукташып кайткыла, коркпогула, биз барбыз! - деп, элчилерди жөнөтүшөт. Манас барган элчилерди айбат менен тосуп алып, өтө көп кол алып, тез келгиле, келбесеңер таарынбагыла! — деп кат жазып, келген элчилерди кайра жөнөтөт. Өз жигиттеринен Манастын салтанатын, күчүн уккан жети кандын шаштысы кетип, алапайын таппай калышат. Төштүк кандарды тилдеп, үйлөрүңөргө кайтып, кол жыйып, Манастын каарына калбай айткан мөөнөтүндө баргыла! — деп тоюн таратат.

Болжогон күнү Манас санаа тартып, эрте туруп, айбатына келип, кандардын келер жолун күтүп калат. Биринчи жети жүз миң колун баштап Жамгырчы келди. Жыйган колуң аз экен, көп эл менен келер деп сенден үмүттөндүм эле — деп, Манас Жамгырчыны кекээрледи. Жамгырчы атынан түшүп Манас менен учурашты. Келген колду бүт Бакай конокко алды. Экинчи болуп келген Төштүк Манас менен атчан учурашты. Төштүктүн колун Алмамбет конокко алды. Үчүнчү келген Үрбүнүн колун бирин койбой Серек ээрчитип кетти. Көкчөнүн колун Сыргак, Санжыбектин кошуунун Ажыбай, Чалыбай, Кутунай үчөө бөлүп алышты. Алты кандын арты болуп Музбурчак келип, анын колун Чубак, Кыргыл баш болгон чоролор четинен бөлүп кетип, он эки чорого конок жетпей калып, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болмой болдук, мындай аз келерин билгенде мурдатан озунуп конок бөлүп кетсек болмок экен дешип, даттанып Манаска барышты. Ал өзүнө да конок жетпей калганын айтып, аларды ээрчитип алып конок күтүп жаткандарды кыдырып: отуз-кыркка көнүп бер, эч болбосо ончактылап бөлүп бер — деп кадыр салып жүрүп куру калгандарга бир нече жүздөн конок үлөштүрүп берди. Муну көргөн алты кандын адамдары ушул Манаска теңелебиз дешкен биздин кандарда акыл жок дешип күпүр кеп кылышты. Ушунча көп колду Манас кантип күтүп жатат экен? — дешип айрымдар конок болуп жаткандарды кыдырып көрсө кайсы кошто болсо да дасторкондо күрөлүп төгүлгөн жемиш, кулак угуп, көз көргөн дүйүм тамак толтура, аттарына күрүчтөн жем илинип, ойдо жок сыйды көрүп, магдырап жаткан эл.

Алты кандын чатагы Валиханов жазып алган эпизоддо да, ошондой эле Радлов жазып алган вариантта да окуя катары айтылбайт. Бирок, Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйдүн ашында гы чырдан улам Жолойго каршы бармак болгон Манастын белгилүү кан-бектерден жардам сурашы алар шылтоо айтып баш тартышы белгилүү даражада алты кандын кастыгын эске салат.

Саякбай Каралаевдин вариантында Төштүктүн тоюна чогулган он эки кан оолугушуп, Кошойдун кой дегенине көнбөй, Манасты чаап алмак болуп көп кол менен Таласка келишет. Бакай каптап келген калың колдун дайынын билип келгенге Ажыбайды жиберет. Кандар Манасты чаап алганы келгенин айтышат. Кырк чоро согушка камданып, келгендерге ат коёрдо эл зыян болбосун — деп чочулаган Бакай калың журтта не жазык, кандары акмак да, элге тийбей, кандарын кармап, Манастын алдына айдап баргыла — деп кеңеш берип, чоролорду тыят.

Эпизод Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында, ТМВда негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.Багыш Сазановдун вариантында да жалпысынан окшош болгону менен айрым деталдык белгилеринде бир топ айырмачылыктар бар. Мисалы, Манаска каршылык көрсөтмөк болгон жети кандын башында Алооке турат жана башкалар

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4