Жеңишбек Дөңбаев - 12-июль 1945-жылы эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери(1967), КРнын (1985) жана СССРдин(1991) Эмгек сиңирген машыктыруучусу Талас районундагы Кер-Арал айылында туулган.

Жеңишбек Дөңбаев
Жарандыгы

 Кыргызстан

Төрөлгөн датасы

12 -июль 1945(1945-07-12) (78 жаш)

Төрөлгөн жери

Талас облусу Талас району Кең-Арал айылы

Спорттук карьерасы

1967 - 2011

Биография түзөтүү

  • 1969-жылы Бишкек политехника институтун бүтүргөн.
  • Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттердин биринчилигинде алтын байгени уткан.
  • 1969-жылы профсоюздардын бүткүл союздук Спартакиадасында биринчи орун алган.
  • 1969-1972-жылдары СССРдин тандалма командасынын мүчөсү,
  • 1970-жылы Республикалык спорт чеберлеринин жогорку мектебинин күрөш боюнча машыктыруучусу,
  • КРнын курама командасынын мүчөсү (1969-1971) болгон.
  • Ал эми 1983-1999-жылдары Кыргыз Республиканын курама командасын жетектеп, Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген.
  • 1999-2009-жылдары бокс жана күрөш боюнча РОРБСМ жетекчиси,
  • 2009-2011-жылдары КРнын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон.
  • Жеңишбек Дөңбаев 1993-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2001-жылы "КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган.

Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялап чыгарган. Алардын катарында К.Амуралиев, Н.Изабеков, М.Бобурбеков, Н.Дөңбаев, А.Аскаров, А. Терогелдиев, Р.Маджинов, Б.Омуракунов, Ч.Изабеков, И.Тазабеков ж.б. бар.

Шилтемелер түзөтүү