Кыдырганов Жеңиш (1945-ж. т., Ак-Суу району, Ичке-Жергез айылы) — спортсмен. СССР спортунун мастери (1967; классикалык күрөш боюнча), СССР спортунун ардактуу мастери (1975), Кыргыз Республикасынын классикалык күрөш боюнча 10 жолку чемпиону (1966— 76), улуттук категориядагы судья (1990).

1983-ж. Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун бүткөн.

1964—65-ж. Бишкектеги 1 автобазада слесарь, 1965—76-ж. Кыргыз Республикасынын «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомунун машыктыргыч-окутуучу, 1976—79-ж. Бишкектеги Н. К. Крупская атындагы спорттук жатак мектепте (азыркы олимпиадалык) машыктыргыч-окутуучу, 1979—84-ж. Ысык-Көл облспорткомитетинин төрагасынын орун басары, 1984—90-ж. Ысык-Көл облустук спорт мектебинин директору, 1990-жылдан Ысык-Көл облустук балдар-өспүрүмдөр мектебинин улук-усулчусу.

Эл аралык турнирлердин көп жолку (Швеция, 1972; Иран, 1973; Египет, 1974; Түркия, 1975), Прибалтика кубогунун (1973), СССР элдеринин (1967, 1971; 1975) спартакиадасынын катышуучусу жана жеңүүчусү.

Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги (1993).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.