Жеңкетай - үйлөнүү тоюнда аткарылуучу жөрөлгө. Калың төлөнгөндөн кийин кызды алып кетчү күнү кыздын жеңеси күйөө жолдоштон жеңкетай доолаган. Күйөө тарап жеңкетайлыкка жакшы белек, мал берген. Себеби, кыз-күйөөнүн ортосундагы мамилелерде кыздын жеңеси абдан чоң ролду ойногон. Алардын жолугушууларын уюштурган, оюн-тамашаларды өткөрүп, жигитти сынаган. Кыздын тазалыгына, ар-намысына жеңеси жооптуу болгон. Бардык тоскоолдуктар, суроо-талаптар жеңеси аркылуу чечилген. Кыз узатуу жөрөлгөсүндөгү жеңенин функциялары кеңири, атүгүл кээ бир учурларда чечүүчү мааниге ээ, болгон.


Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.