Жийдеш Идирисова (19-январь 1985, Нарын, Нарын облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык ырчы, аткаруучу. 2015-жылы декабрь айында Turkvizyon эл аралык ыр сынагында "Ким билет" аттуу ыры менен биринчи орун алган.

Жийдеш Идирисова
Туулган датасы

19 -январь 1985(1985-01-19) (39 жаш)

Туулган жери

Нарын шаары, Нарын облусу, Кыргыз ССР, СССР

Өлкө

Кыргызстан желеги Кыргыз Республикасы

Кесиптери

ырчы

Жанрлары

этно, поп-музыка

Активдүү жылдары

2013 — азыркы учурда

Кызматташтык

Мирбек Атабеков, Айар, Айым Айылчиева

Super.kg: ID 489

Өмүр баяны түзөтүү

Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январьда Нарын шаарында туулган. Ырчы карапайым үй-бүлөдө өскөн, апасы иниси Жаркынбек экөөнү жалгыз чоңойткон.

Алгачкы кадамдар түзөтүү

20012002-жылдары «Сделано в KG» музыкалык сынагына катышып, финалисттердин катарына кошулган.

2007-жылы «Эдем алмасы» аттуу тасманын саундтрегин Нарист менен бирге аткарган.

Кийин «Артек» музыкалык тобунда алты жыл эмгектенген. Ошону менен катар Кыргызстан, Казакстан, Орусия өлкөлөрүндө тар чөйрөлөрдө ырдап жүргөн.

2013-жылы «Азия Микс» командасы менен бирге КВНдин Жогорку лигасында ырдаган.

Жеке карьера түзөтүү

2014-жылы Жийдеш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде «Өмүр» жана «Сен» чыгармаларын ырдап чыккан. Ошол эле жылы октябрь айында «Сен» аттуу ырынын видеоклибинин презентациясы өткөн.

2015-жылы декабрь айында «Ким билет» аттуу ыры менен Turkvizyon эл аралык ыр сынагына Кыргызстандын атынан катышып, биринчи орунду алган. «Супер-Инфо» гезитине болго маегинде жеңиши тууралуу төмөнкүдөй пикир айткан:

Бул жеңиш жеке меники эмес, кыргыз элимдин, мага колдоо көрсөткөн жакындарымдын, кеп-кеңеш айткан чыгармачыл инсандардын, күйөрмандарымдын жеңиши.[1]

2016-жылы башка 8 ырчы менен катар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын гимнин аткарган.

2018-жылы «Наринай» аттуу ыры менен Алма-Ата шаарында өткөн Star of Asia ыр фестивалына катышкан. Сентябрь айынан тарта КТРКнын «Асман» теледолбоорунда калыстар тобунун мүчөсү.

Дискографиясы түзөтүү

  • 2010 — «Эдем алмасы»
  • 2014 — «Сен»
  • 2015 — «Апакем»
  • 2015 — «Өмүр»
  • 2015 — «Кайыр дил»
  • 2015 — «Карлыгачым» (Айар менен бирге)
  • 2015 — «Эки жүрөк» (Мирбек Атабеков менен бирге)
  • 2015 — «Ким билет?»
  • 2016 — «Жаным»
  • 2016 — «Эки канат» (Айым Айылчиева менен бирге)
  • 2018 — «Жаңы Жыл»
  • 2018 — «Наринай»

Видеографиясы түзөтүү

Жылы Аты
2007 «Эдем алмасы»
2014 «Сен»
2015 «Өмүр»
«Карлыгачым»

(Айар менен бирге)

2016 «Ким билет?»
«Жаным»
«Эки канат»

(Айым Айылчиева менен бирге)

2018 «Жаңы Жыл»
«Наринай»

Жеке жашоосу түзөтүү

2010-жылдан тарта ырчы продюсери Андрей Догай менен мамиледе.

2016-жылы мыйзамдуу никеге туруп, үлпөт той өткөрүшкөн.

Жубайлардын Севара жана Адел аттуу кыздары бар.

Тиркемелер түзөтүү

  1. https://www.super.kg/article/show/34643?searchtext=%D0%B6%D0%B8%D0%B9%D0%B4%D0%B5%D1%88%20%D0%B8%D0%B4%D0%B8%D1%80%D0%B8%D1%81%D0%BE%D0%B2%D0%B0