Мирбек Атабеков (11-август, 1986, Жон-Арык, Талас району, Талас облусу) — ырчы, аткаруучу, актёр, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2016)[1].

Мирбек Атабеков
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Атабеков Мирбек Бообекович

Туулган датасы

11 -август 1986(1986-08-11) (37 жаш)

Туулган жери

Жон-Арык, Талас району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актёр, продюсер

Ырчылык үнү

Тенор

Аспаптары

Комуз

Активдүү жылдары

2006 — азыркы учурда

Өмүр баяны түзөтүү

Мирбек Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Талас районунун Жон-Арык айылында туулган.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Мирбек 9-классынан баштап кафе-ресторандарда ырдай баштаган. Ошол жылдары коомдук канал уюштурган "Поющий город" долбооруна катышып, финалга өткөн.

2004-жылы чоң сахнага кадам таштап, "Санат" тобунун курамында "Жүзүң" аттуу ырды аткарган. Бул топто Ильяз Абдразаков, Азиз Жетигенов деген ырчылар болгон;

2006-жылдан ушул күнгө чейин продюсер Канат Култаев менен иштешип келет;

2007 — «Сени гана» аттуу ырына видеоклибин чыгарган;

2014 — Комедиялык жанрдагы "Талисман" тасмасына тартылган;

2010 — "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алган;

2016 — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;

2018 — Жеке продюсерлик борборун ачкан.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Атабеков Мирбек Бообекович 1986-жылы 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Жон-Арык айылында туулган. Атасы эки жашында жол кырсыгынан каза тапкан. Мектепте музыка сабагын жакшы көрчү. 6-класс кезинде үй-бүлөөсү менен Бишкек шаарына көчүп келген. Ресторандарда ырдап,акча таап, үй-бүлөөсүнө жардам берчү.

Булактар түзөтүү

  1. Атабеков Мирбек Бообекович — өмүр баяны (sputnik.kg)