Житомир облусу
Житомир облусу (укр. Житомирська область) — Украинанын түндүгүндө, Полиска ойдуңунун чегинде, түштүгүндө Днепр тоолорунун чегинде облус. Түндүгүнөн Беларустун Гомель облусу, чыгышынан Киев облусу, түштүгүнөн Винница облусу, батышынан Украинанын Хмельницкий облусу жана Ровно облусу менен чектешет.
Өлкө | |
---|---|
Административдик борбор | |
Расмий тили |
Украин тилиукраинче |
Калкы |
↘ 1 177 564 [1] |
Жыштыгы |
39,58 адам/км² |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити |
|
Тууралыгы | |
Узундук | |
Коду ISO 3166-2 |
UA-18 |
Телефон коду |
+380 41 |
Интернет-домени |
zhitomir.ua; zt.ua |
Административдик борбору — Житомир шаары.
1937-жылы 22-сентябрда Киев облусунун батыш райондорунан түзүлгөн.
Калкы
түзөтүү2020-жылдын 1-январына карата облустун калкынын иш жүзүндөгү саны 1 208 212 адамды түзөт, анын ичинен шаар калкы 716 457 адам же 59,3%, айыл калкы 491 755 адам же 40,7%[2]
2021-жылдын 1-декабрына карата облустун калкынын иш жүзүндөгү саны 1 180 638 адамды, анын ичинде шаар калкы – 704 027 адамды (59,63%), айыл калкы – 476 611 адамды (40,37%) түздү. Туруктуу калк - 1 181 407 адам, анын ичинде шаар калкы - 701 887 калк (59,41%), айылдыктар - 479 520 калк (40,59%)[3].
Административдик-аймактык түзүлүшү
түзөтүүЖитомир облусунун административдик борбору — Житомир шаары.
Райондору
түзөтүү2020-жылдын 17-июлунда облустун жаңы 4 районго бөлүнүшү кабыл алынган[4][5]:
№ | Району | Калкы
(миң адам) |
Аянты[6]
(км²) |
Акимий борбору |
---|---|---|---|---|
1 | Бердичев району | 209,2 | 1 460 | Бердичев ш. |
2 | Житомир району | 254,6 | 2 056 | Житомир ш. |
3 | Звягель району | 82,8 | 1 843 | Звягель ш. |
4 | Коростень району | 185,3 | 1 873 | Коростень ш. |
Райондор өз кезегинде шаардык, поселкалык жана айылдык бириккен аймактык жамааттарга бөлүнөт (укр. об'єднана територіальна громада).
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ Государственная служба статистики Украины Калып:Wayback (укр.)
- ↑ Чисельність наявного населення України на 1 січня 2020 року Калып:Wayback // Державна служба статистики України. Київ, 2020. Стор. 28-31. (укр.)
- ↑ Численность населения на 1 декабря 2021 года Archived 2017-12-25 at the Wayback Machine Калып:Wayback (укр.) Главное управление статистики в Житомирской области.
- ↑ Постанова Верховної Ради України «Про утворення та ліквідацію районів»(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Нові райони: карти + склад(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Житомирська область - Райони. Текшерилген күнү 28 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 28 -январь (үчтүн айы) 2023.