Жогорку математика - негизинен жогорку окуу жайларында окутулуучу сабактардын жыйындысы.

Азыркы учурда Жогорку математика элементтери атайын орто окуу жайларында, о. эле орто мектептин жогорку класстарында да окуп үйрөнүлөт. Жогорку математика деген аталыш ал мурда жогорку окуу жайларында гана окутулганы менен түшүндурүлөт. Жогорку математика жалпы курсунда, сызыктуу жогорку алгебра, аналитикалык геометрия, математикалык анализ, ыктымалдыктардын теориясы, математикалык статистика, дифференциалдык теңдемелер окутулат.

Жогорку математика негиздөөчүлөрү ХVII кылымда жашашкан улуу англис окумуштуусу И. Ньютон жана улуу немис математиги Г. Лейбництер болушкан. Чындыгында Жогорку математика элементтери Ньютон жана Лейбницке чейинки байыркы грек окумуштуулары Евклид, Архимед, Анаксагор ж. б. эмгектеринде кезиккен, кийинчерээк Кеплер, Кавальери, Торричелли, Ферма, Декарт, Паскаль ж. б. эмгектеринде ачыгыраак көрүнө баштаган. Мисалы: Архимеддин (б. з. ч. III к.) «Бөлүн-бөөчүлүктөр жана статиканын теоремасынын жардамы аркылуу параболанын квадратурасы» деген эмгегинде чексиз кичине жана чексиз чоң чоңдуктар түшүнүктөрү кезигет. Ошондой эле Архимед айлананын узундугун жана тегеректин аянтын эсептегенди билген.

Б. з. ч. III–II к. жашаган байыркы грек математиги Аполлонийдин эмгектеринде координата ыкмасынын негиздери баяндалган. Координата методун системалуу түрдө математикага киргизген ХVI–ХVII к. жашаган француз математиктери П. Ферма жана Р. Декарттар болушкан. Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдү И. Ньютон жана Г. Лейбництер өзүлөрүнүн изилдөөлөрүндө биринчи болуп пайдаланышкан.


Жогорку алгебра бөлүгүндө теңдемелердин жана теңдемелердин системаларынын; барабарсыздыктардын жана барабарсыздыктардын системаларынын чыгарылыштары изилденет, о. эле сандардын теориясы каралат. Аналитикалык геометрия бөлүгүндө, тегиздиктеги жана мейкиндиктеги геометриялык фигуралардын касиеттери алгебралык ыкмалардын жардамы аркылуу окутулат жана геометриялык өзгөртүп түзүүлөр каралат.

Математикалык анализ бөлүгүндө функциялардын касиеттери изилденет. Функциялардын касиеттерин изилдөөнүн ыкмалары, чектер теориясы, дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр, катарлардын теориясы жана дифференциалдык теңдемелердин теориясы окутулат.

Ыктымалдыктар теориясы жана математикалык статистика бөлүгүндө, кокусунан жүрүүчү дискреттик жана үзгүлтүксүз процесстердин сандык мүнөздөмөлөрү каралат.

Кыргызстанда жогорку математика боюнча окуу китептерин кыргыз тилине которуу жаатындагы саамалыкты 1960-жылдары Ракым Усубакунов баштап берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,