Жолдошбек Зарлыкбеков
Жолдошбек Зарлыкбеков (1959–2016) - кыргыз элинин заманбап акындарынын бири, журналист, публицист.
Зарлыкбеков Жолдошбек | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Зарлыкбеков Жолдошбек |
Туулган жылы: | 1959-жылы 19-январь |
Туулган жери: | Кара Суу айылы, Кочкор району, Нарын облусу, Кыргызстан |
Өлгөн жылы: | 2016-жыл, 10-май |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | акын, журналист |
Өмүр таржымакалы
түзөтүүЖолдошбек Зарлыкбеков Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кара-Суу айылында 1959-жылы 19-январда туулган.
Мектепти бүткөндөн кийин 1977–1979-жж. Германияда аскердик кызмат өтөгөн.
1979–1981-жж. колхоздо чабан, райондук ооруканада “Тез жардам” автомашинасында айдоочу, борбор шаардагы Фрунзе заводунда жумушчу болуп иштеген.
1981–1986-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнөн билим алып, 1984-жылдан “Кыргызстан маданияты” жумалыгына корректор, 1986-жылдан “Ленинчил” жаш” гезитинде (кийин “Жаштык жарчысы” деп аталган) кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.
1992-жылдан “Эркин-Тоо гезитинде бөлүм башчы, 1994–1995-жж. Кыргызстан маданияты” жумалыгында бөлүм башчы болгон.
1995–2005-жж. “Асаба”, “Агым” гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы болгон.
2005–2007-жж. “Бишкек таймс” гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген.
2007–2008-жж. “Де-Факто” гезитинде редактордун орун басары, 2009–2010-жж. “Аалам” гезитинде бөлүм башчы болуп иштеп келди.
Жолдошбек Зарлыкбеков 58 жашында узакка созулган оорудан соң 2016-жылы 10-майда дүйнөдөн кайтты. [1]
Адабий чыгармачылыгы
түзөтүүЖолдошбек Зарлыкбековдун алгачкы ыры 1973-жылы облустук “Нарын правдасы” гезитинде жарыкка чыккан.
Сыйлыктары. Наамдары
түзөтүү1990-жылы “Алыкулдун Акбоз-Ат” фестивалынын лауреаты болгон.
1994-жылы мыкты журналисттик эмгек боюнча республикалык чыгармачыл сынакта “Эркиндиктин үч жылы”
аттуу макалалар топтому үчүн жеңүүчү болуп, Кыргызстан Журналисттер союзунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
1986–1990-жж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланып, 1994-жылы Президенттик стипендиант болгон.
2001-жылы “Борбордук Азия жазуучуларынын жаңы миң жылдыктагы чыгармачыл байланышы “Эл аралык форум” сыйлыгынын лауреаты болгон.
2002-жылы массалык маалымат каражатында коомдук сакчылыктын абалын, кылмышкерликке каршы күрөшүү жана ички иштер органдарынын ошол
багытта алып барган иштерин чагылдырганы үчүн Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
2003-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн III даражадагы диплому менен сыйланган.
2009-жылы Ички иштер министрлигинин “Кыргыз милициясына 80 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.
1992-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Колдонулган адабият
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6