Жорго сөз - кыргыз эл оозеки чыгармачылыгында кеңири тараган жанр. Негизги өзгөчөлүгү – оозеки баян, ыргак, муун саны сакталбаган, бирок анча – мынча чачкын уйкаштык бар проза менен берилет да, өзүндө поэзиянын элементтерин да камтыйт.
Мисалы, Жигитти кыркка толтуруп, туш – туштагы душманына кол сунуп, баатырларын, балбандарын дагы сайып, бала баатыр атанып, кырк жигитине кырк кара ат камдап, чарайна, соот, туулга, чопкут, калкан, айбалта,найза, кылыч, мылтык, шашылышта чабыша турган шалк этме сыяктуу бардык жоо шайманын камдап, жигиттеринин көңүлүн жамдап, өзү он алты жашка чыкты. Курманбек кор болгон кыргыз, кыпчактын калмактардан өткөн өчүн, кеткен кегин аламын, калмакка барамын деп кырк жигитине айткан сөзү... ( “Курманбек “ эпосу )
Мисалда уйкаштыктар ( толтуруп – кол сунуп, сайып – атанып, камдап – жамдап, аламын – барамын ), аллитерация, ассонанс сыяктуу поэтикалык каражаттар кара сөздү поэтикалык речке, б.а. ырдын нарк – насилине жакындатып турат, бирок ыр сыяктуу муунагы, муун саны болбойт.