Жунусов Ибрагим Кожоназарович

Ибрагим Кожоназарович Жунусов (13-майда 1961-жылы туулган) — белгилүү композитор жана аткаруучу.

Ибрагим Жунусов
Туулган күнү

(1961-05-13) 13-май 1961 (62 жашта)

Туулган жери

Сарай айылы, Кара-Суу району, Кыргыз ССР

Ишмердүүлүгү

ырчы, композитор

Ишмердиги түзөтүү

Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Кыргыз Республикасынын Эл артисти. Анын “Эламан” деген ыры Өзбекстан жана Казакстанда өзгөчө популярдуу болуп, 1990-жылдардан бери Эламан ысымдуу балдардын саны көбөйгөн.

Ал саясат айдыңында да өзүн таасын көрсөтө алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төртүнчү жана бешинчи чакырылышынын депутаты. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри болгон.