Жыныстык турмуш. Адамда жыныстык турмуш дене, психика жана социалдык процесстердин татаал комплекси катары калыптанат. Адамдагы жыныстык турмуш инстинктке жана шартсыз рефлекске негизделген айбандардын Жыныс турмушуннан айырмаланып, тукум жаратуу максатын гана көздөбөй, эркек менен аялдын инсандык, руханий мамилеси болуп саналат. Ар бир адамдын жыныстык трмушуу анын жеке тажрыйбасына, тарбиясына жана адептүүлүгүнө жараша калыптанат. Жыныстык сүйүү — адамзаттын өөрчүү тарыхынын натыйжасы жана адамзат маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Коомдун өнүгүшү менен жыныстык турмуш татаалдана жана жекеликке өтө баштаган. Бирок ар бир коомдо жыныстык адептин нормалары ар башка болгон. Ар бир адамдын жыныстык турмуш өзгөчөлүгү көп факторлор (тубаса, гормондук, нервдик жана жеке касиеттери) менен аныкталат. Ал адамдын жашына, жынысына, тарбия, турмуштук тажрыйбасы менен шартталган жеке өзгөчөлүгүнө жана башка факторлорго жараша өзгөрөт. Жыныстык жетилүүдө инстинкттүү пайда болгон жыныстык талап (кызыгуу) келип чыгат. Мында жыныс бездери канга жыныс гормондорунун белгилүү концентрациясын иштеп чыгарат. Жыныстык турмуштун кадимки формасы эркек менен аялдын жыныстык катнашуусу болуп саналат. Эркектердин жыныстык байланышка даярдыгы — эрекция жана эякуляция. Бир нече секундадан бир нече минутага созулган жыныстык катнаштан эркектин жыныс органынын дүүлүгүүсү күчөп, оргазм коштогон эякуляцйя (урук бөлүп чыгаруу) менен адктайт. Эякуляция жана эрекция кээде жыныстык катнаш болбогондо да пайда болот (к. Онанизм, Поллюция). Оргазм — жыныс актысы аяктоо кезинде пайда болуучу адамды балкыткан өтө жагымдуу сезимдин жеткен чеги. Эркектерден айырмаланып аялдар Жыныстык турмушта эркелетүүнү, назик мамилени каалашат. Аялдарда оргазм шартка, психикалык даярдыкка, көңүлгө жараша болуп, көпчүлүк аялдарда ал төрөттөн кийин пайда болот. Айрым аялдар жыныстык катнашта эч качан оргазмды сезишпейт, ошондой болсо да психологиялык канааттануу алышат. Гинеколог жана сексопатологдордун ою боюнча кош бойлуу кезде жыныстык катнаштан такыр баш тартуу да болбойт. Кош бойлуулуктун акыркы 2—3 айында жана төрөттөн соң 2 ай жыныстык катнаштан баш тартуу зарыл. Жыныстык турмушка жеңил мамиле жасоо, аны кайталанып туруучу жыныстык акт катары эсептөө жубайларды жеңил ойлуулукка алып келет. Ал моралдык гана зыянга учуратпай, ар кыл венера ооруларына чалдыктырат. Ж. т-ка алкоголь да зыян, мында аялдар төрөбөй калышы мүмкүн, эркектерде импотенция пайда болот, эң негизгиси — масчылыктан акыл-эси начар, көбүнчө майып балдар төрөлөт. Адамдын жыныстык турмушунда жаш өзгөчөлүгүнө жараша төмөнкү өзгөрүүлөр болот: либидо — жыныстык кызыгуунун ойгонушу — эркек балдарда адатта түнкүсүн эякуляциянын (Поллюция), кыздарда этек кирдин пайда болушу. Кийинки кез (20—26 жаш) өтмө мезгил деп аталып, никелешүү менен бүтөт. 27—50 жаштагы курак Жыныстык турмуштун жетилиши менен мүнөздөлөт, кийин барабара жыныстык активдүүлүк төмөндөйт. Жаш өткөн сайын анын төмөндөшү физиологиялык кубулуш болуп, ар кимдики ар башка куракка туура келет. Улгайган кишилер жасалма жол менен жыныстык активдүүлүгүн күчөтүү ден соолукка зыян келтирет. Жыныстык турмушка жалпы гигиенанын эрежелери тиешелүү. Айрым адамдарга (жаш, кесип жана башка өзгөчөлүгүнө жараша) атайын чек коюу зарылчылыгы болбосо да, жекече нормативдүүлүк зарыл. Ал көңүлгө, ден соолукка жана башка жараша болот. Денени таза күтүүнүн жалпы гигиеналык эрежелери жыныс органдарга да тиешелүү. Күн тартибин сактоо, туура тамактануу, физкультура жана спорт менен алагды болуу жана башка чаралар Жыныстык турмуштун туура өтүшүнө шарт түзөт. Жыныстык турмуштун бузулушу атайын дарыла нууну талап кылат. Ошондуктан Жыныстык турмушта жаш өзгөчөлүгү менен шартталбаган бардык өзгөрүүлөр боюнча врач-сексопатологго (же психоневролог, урологго) кайрылуу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8