Жөрмөмө сайма
Ийне сайманын бир түрү. Чебер бул саймада бир нече майда таякчаны оңго карай жантык сайып чыгат. Анын узундугу жана бири-биринен аралыгы 1—1,5 смдей болушу зарыл. Муну кайрадан солго карай так ошондой жантык саят. Сайылган сайма көчөтү үч кошкон түрүндө көрүнүп калат. Жөрмөмө сайма да майда сайманын катарына кирет.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|