Акбагышева Замира — 1958-жылдын 10-сентябрында Чүй облусунун Сын-Таш айылында төрөлгөн. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык менен аяктап, студенттик жылдары лениндик стипендияга ээ болуп, факультеттин комсомолдук уюмун жетектеген. 1989-жылга чейин Кыргызстан комсомолунун Борбордук комитетинин басма сөз, пропаганда жана үгүт боюнча сектор башчысы болуп эмгектенип, жаш кыз-келиндер менен иш жүргүзгөн. Кийинки эки жыл Кыргызстандын компартиясынын Борбордук комитетинин алдындагы партиянын тарыхы институтунун илимий кызматкери болуп эмгектенген. 1992-1996-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун маалымат катчысы, “Казына” гезитинин башкы редактору болгон. Чоң чыгармачылык жана уюштуруучулук тажрыйбага ээ Замира Акбагышева 1993-жылы Кыргызстандын аялдар конгрессинин президенти болуп шайланган. Замира Акбагышева ийгиликке жетишкенге негиз болгон чынчылдыкка, принципиалдуулукка жана абийирдүүлүккө ата-энеси - Акбагыш менен Нурбүбү Акматылдаевдер үйрөткөнүн айтып, алардын эмгеги баа жеткис деп баалайт. Ал ишкердиктин негиздерин Германиядан, ал эми партиялык ишмердикти жүргүзүүнү АКШнын Эл аралык институтунда окуп, үйрөнгөн.

Замира Акбагышева.

Интернеттеги шилтеме түзөтүү