Запорожье облусу
Запорожье облусу (укр. Запорізька область) — Украинанын административдик-аймактык бирдиги, өлкөнүн түштүгүндө, Днепрдин төмөнкү агымында жайгашкан.
Запорожье облусу укр. Запорізька область | |||
| |||
Өлкө: | |||
---|---|---|---|
Абалы: | |||
Курамында: |
5 район | ||
Акимий борбору: | |||
Түзүлгөн убакыты: | |||
Ырасмый тили: | |||
Калкы (2022): |
1 636 322[1] (4,11 %, 7 орун) | ||
Жер аянты: |
27 183 км² (4,5 %, 9 орун) | ||
Деңиз деңгээлинен бийиктиги: • Эң бийик чекити |
| ||
ISO 3166-2 коду: |
UA-23 | ||
Телефон коду: |
+380 61 | ||
Почто индекстери: |
69xxx, 70xxx, 71xxx, 72xxx | ||
Интернет-домени: |
zaporizhzhe.ua; zp.ua | ||
Унаа коду: |
AP, КP, ТР, МР[2] |
Батышта Херсон облусу, түндүгүндө Днепропетровск облусу, чыгышында Донецк облусу менен чектешет, түштүгүндө Азов деңизи менен жуулат.
Облустун аянты 27,1 миң км² (Украинада 9-орун), 2022-жылдын башына карата калкынын саны 1,6 миллион адамга (7-орун) бааланган. Акимий борбору жана ири шаары — Запорожье, башка ири шаарлары — Мелитополь, Бердянск, Энергодар, Токмак.
Облус 1939-жылы Украина ССРинин Днепропетровск облусунан бөлүнүшү менен түзүлгөн. 1944-жылы батыш бөлүгү облустан бөлүнүп, Херсон облусуна айланган.
2022-жылы Орусиянын Украинага басып киришинин натыйжасында облус жарым-жартылай орус баскынчылыгында калган. 2022-жылдын 30-сентябрында Орусия облустун аннексияланганын жарыялаган[3].
Кээде бүт аймак туура эмес Запорожье деп аталат, бирок тарыхый жактан бул аталыш Запорожье облусунун түндүгүндө, азыркы Днепропетровск облусунун аймагындагы аймакка берилген.
Акимий-аймактык түзүлүшүОңдоо
Запорожье облусунун акимий борбору — Запорожье шаары.
РайондоруОңдоо
2020-жылдын 17-июлунда облустун жаңы 5 районго бөлүнүшү кабыл алынган[4][5]:
№ | Району | Калкы
(миң адам) |
Аянты
(км²) |
Акимий борбору |
---|---|---|---|---|
1 | Бердянск району | 183,9 | 4 469 | Бердянск ш. |
2 | Васильевка району | 188,7 | 4 293 | Васильевка ш. |
3 | Запорожье району | 874,2 | 4 693 | Запорожье ш. |
4 | Мелитополь району | 286,6 | 7 008 | Мелитополь ш. |
5 | Пологи району | 172,5 | 6 771 | Пологи ш. |
Райондор өз кезегинде шаардык, поселкалык жана айылдык бириккен аймактык жамааттарга бөлүнөт (укр. об'єднана територіальна громада).
Колдонулган адабияттарОңдоо
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
- ↑ Государственная служба статистики Украины Калып:Wayback (укр.)
- ↑ Наказ № 166 от 02.03.2021. Про деякі питання державних номерних знаків транспортних засобів(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Russia Announces Annexation of Four Regions of Ukraine(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Постанова Верховної Ради України «Про утворення та ліквідацію районів»(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Нові райони: карти + склад(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
Украинанын акимий бөлүнүшү | |||
---|---|---|---|
Облустар: | Винница облусу · Волынь облусу · Днепропетровск облусу · Донецк облусу · Житомир облусу · Закарпатье облусу · Запорожье облусу · Ивано-Франковск облусу · Киев облусу · Кировоград облусу · Луганск облусу · Львов облусу · Николаев облусу · Одесса облусу · Полтава облусу · Ровно облусу · Сумы облусу · Тернополь облусу · Харьков облусу · Херсон облусу · Хмельницкий облусу · Черкассы облусу · Чернигов облусу · Черновцы облусу | ||
Өзеркин республикасы: | Кырым Республикасы | ||
Шаарлар: | Киев · Севастополь |