Херсон облусу

Украинаны түштүгүндө облусу

Херсон облусу (укр. Херсонська область) — Украинанын административдик-аймактык бирдиги, өлкөнүн түштүгүндө, Днепрдин төмөнкү агымынын эки жээгинде жайгашкан.

Херсон облусу
укр. Херсонська область
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Херсон облусу картада

Херсон облусу, карта

Өлкө:

 Украина

Абалы:

Облус

Курамында:

5 району

Акимий борбору:

Херсон

Түзүлгөн убакыты:

30-март 1944

Расмий тили:

украинче

Калкы (2022):

1 000 370 [1]

Жыштыгы:

36,12 адам/км²

Жер аянты:

28 461 км²
(4,72 %)

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Орточо бийиктиги
 • Эң төмөн чекити



 102 м
 46 м
 0 м

ISO 3166-2 коду:

UA-65

Телефон коду:

+380 55

Почта индекстери:

73xxx, 74xxx, 75xxx

Интернет-домени:

kherson.ua; ks.ua

Унаа коду:

ВТ

Расмий сайты

Батышта Николаев облусу, түндүгүндө Днепропетровск облусу, чыгышында Запорожье облусу, түштүгүндө Кырым Муктар Республикасы менен чектешет. Кара жана Азов деңиздеринин жээгинде жайгашкан.

Облустун аянты 28,4 миң км² (Украинада 7-орун), 2022-жылдын башына карата калкынын саны 1,0 миллион адамга (21-орун) бааланган. Административдик борбору жана ири шаары — Херсон, башка ири шаарлары — Новая Каховка, Каховка жана Алёшки.

Облус 1944-жылы немистик баскынчылардан бошотулгандан кийин Украина ССРинин Запорожье облусунан бөлүнүп, түзүлгөн. Орусиянын 2022-жылдын февраль айынын аягынан бери Украинага басып киришинин натыйжасында аймактын басымдуу бөлүгү Орусиянын баскынчылыгында калган[2][3]. 30-сентябрда Орусия аймактын аннексияланганын жарыялады[4]. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун жүрүшүндө 2022-жылдын 6-октябрына карата Украина аймактын 400 км²ден ашык аймагын өз көзөмөлүнө кайтарып алган[5]. Ал эми 2022-жылдын 11-ноябрында украин аскерлери Херсондун өзүнө кирген[6]. Шаардан чыгаар алдында орус аскерлери шаардын негизги инфраструктурасын, анын ичинде электр жана суу менен камсыздоону талкалашкан[7].

Калкы түзөтүү

2020-жылдын 1-январына карата облустун калкынын саны 1 027 913 адамды, анын ичинде шаар калкы 631 317 адамды же 61,4%ды, айыл калкы 396 596 адамды же 38,6%ды түздү[8].

Туруктуу калк[9]
1926 1939 1941 1944 1959 1970 1979 1989
736 000 743 000 780 800 502 800 824 167 1 029 988 1 163 435 1 236 970
1990 1991 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999
1 244 316 1 252 444 1 262 103 1 271 641 1 270 956 1 262 119 1 250 649 1 238 034 1 227 678 1 215 806
2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009
1 202 837 1 187 119 1 172 689 1 159 940 1 148 379 1 136 751 1 125 026 1 115 639 1 106 070 1 097 768
2010 2011 2012 2013 2014 2015 2016 2017 2018 2019
1 091 999 1 086 805 1 081 935 1 076 800 1 071 135 1 066 444 1 060 924 1 054 217 1 045 549 1 036 208
2020 2021 2022
1 026 481 1 015 275 1 000 500

Улуттук курамы түзөтүү

2001-жылдагы эл каттоого ылайык, 1 миңден ашкан элдерди көрсөтүү[10].

Улуту Калкы

(миң адам)

Пайыз мамилеси
Бардыгы 1 175,1 100 %
Украиндер 961,6 82,0 %
Орустар 165,2 14,1 %
Беларустар 8,2 0,7 %
Татарлар 5,4 0,5 %
Армяндар 4,5 0,4 %
Молдавандар 4,2 0,4 %
Түрктөр 3,7 0,3 %
Кырым татарлар 2,1 0,2 %
Цыгандар 1,8 0,1 %
Жөөттөр 1,7 0,1 %
Поляктар 1,6 0,1 %
Немистер 1,4 0,1 %
Азербайжандар 1,3 0,1 %
Корейлер 1,2 0,1 %
Болгарлар 1,0 0,1 %
Башка улуттар

жана улутун көрсөтпөгөндөр

0,5 %

Административдик-аймактык түзүлүшү түзөтүү

Херсон облусунун райондору 2020-жылдын 17-июлунан тартып

Херсон облусунун административдик борбору — Херсон шаары.

Райондору түзөтүү

2020-жылдын 17-июлунда облустун жаңы 5 районго бөлүнүшү кабыл алынган[11][12]:

Району Калкы

(миң адам)

Аянты[13]

(км²)

Акимий борбору
1 Берислав району 99,1 4 760 Берислав ш.
2 Геническ району 122,4 3 008 Геническ ш.
3 Каховка району 224,7 6 395 Новая Каховка ш.
4 Скадовск району 127,0 5 244 Скадовск ш.
5 Херсон району 464,4 3 649 Херсон ш.

Райондор өз кезегинде шаардык, поселкалык жана айылдык бириккен аймактык жамааттарга бөлүнөт (укр. об'єднана територіальна громада).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  1. Государственная служба статистики Украины (укр.)
  2. Undercover In Ukraine's Occupied Kherson: 'You Don't Know What Will Happen Tomorrow' (англисче).
  3. Occupied Ukrainian city fears sham Russian referendum plans (англисче) (28 April 2022).
  4. Russia Announces Annexation of Four Regions of Ukraine.
  5. Ukraine 'liberates' more of Kherson and other key developments (англисче) (6 October 2022).
  6. Українські війська зайшли у Херсон. Їх вітають натовпи містян. Текшерилген күнү 11 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  7. Amid Joy in Kherson, a Humanitarian Disaster Looms, The New York Times, 12.11.2022
  8. Чисельність наявного населення України на 1 січня 2020 року // Державна служба статистики України. Київ, 2020. Стор. 54-57
  9. Населення України. Текшерилген күнү 27 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 22 -сентябрь (аяк оона) 2013.
  10. Всеукраинская перепись населения Украины 2001 года. Распределение населения по национальности и родному языку. Херсонская область. Официальный сайт Государственного комитета статистики Украины // 2001.ukrcensus.gov.ua.
  11. Постанова Верховної Ради України «Про утворення та ліквідацію районів»(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  12. Нові райони: карти + склад(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  13. Херсонська область - Райони. Текшерилген күнү 27 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 27 -январь (үчтүн айы) 2022.