Зеличенко, Александр Леонидович


Жазуучу, журналист жана милициянын полковниги Зеличенко Александр Леонидович Фрунзе шаарында 1957-жылы туулган. 1978-жылы СССР Ички иштер министрлигинин Карагандыдагы жогорку окуу жайын аяктагандан кийин кылмыш издөөдө кызмат өтөп, Талас шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. 1986-жылы Москвадагы СССР Ички иштер министрлигин Академиясын аяктап, Ысык-Көл облусунун кылмыш издөө бөлүмүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик комиссияны, республикалык Ички иштер министрлигинин Башкы штабын жана Наркобизнеске каршы күрөшүү боюнча кызматын жетектеген. 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун «Ош түйүнү» баңгизатка каршы Эл аралык долбоорунун офицери болгон. 2000-2004ж.ж. Бириккен Улуттар Уюмунун полициялык бейпилдикти орнотуучу күчтөрүндө – «көгүлтүр жээкте» ОБСЕнин Полиция академиясынын нускоочусу, Косово жана Македония постконфлигинде «талаа» кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн. Түштүк Сербияда эл аралык полициялык инструкторлор тобун жетектеген. Азыркы учурда Бишкекте жашап, Зыяндарды азайтуу эл аралык программасынын баңгизат саясаты боюнча эксперти. 2003-жылдан тарых илимдеринин кандидаты. Баңгиликке каршы күрөшүү көйгөйлөрү боюнча АКШ, Улуу Британия, Россия, Түштүк Корея, Австрия, Германиядагы эл аралык конференциялардын катышуучусу. А.Зеличенко ондогон аңгемелерди, кылмыштуулук, баңгизат бизнеси, террорчулукка каршы аракет көйгөйлөрү боюнча макалаларды, эсселерди жазып, кыргыз, орус, серб, поляк, англис тилдеринде жарык көргөн. Кыргызча-орусча чыккан «Золотая паутина» (Фрунзе, 1989-ж.), «Ар дайым күзөттө» (Бишкек, 1991-ж.) жыйнактарынын авторлошу. «International Police Review» (Лондон), «Центральная Азия и Кавказ» (Швеция) журналдарында жана Кыргызстан, Россия жана Польшадан чыгуучу жыйнактарда жарык көргөн ири аналитикалык баяндамалардын автору. 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун, 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Зеличенко Александр Леонидович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Зеличенко Александр Леонидович
Туулган жылы: 1957-жылы
Туулган жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Жазуучу, журналист

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Орус тилинде түзөтүү

  • Наркоэкспансия. – Б.: ТЭЦ «Бишкектранзит», 1997. – 102 с.
  • Косовский дневник. – Б.: ОсОО «Сontinent», 2003. – 182 с.
  • Афганская наркоэкспансии 1990-х годов. – Б.: ОсОО «Сontinent», 2004. – 363 с.
  • Детектив без названия. Б.: Карловичи, 2006. 207 с.
  • Наши миротворцы на Балканах. М.: Индрик, 2007. 358 с.

Башка тилдерде түзөтүү

  • Heroin: Formula I Б.: ARCHI, 2007. 159 с. – (англ. англ.)


Колдонулган адабияттар түзөтүү