Ибибио
Ибибио (агбишера) – эл. Нигериянын түштүк-чыгышында (Кросс-Ривер жана Аква-Ибом штаттарында), ошондой эле Камерунда жана Экватордук Гвинеяда жашайт[1].
Ибибио | |
Ибибио салттуу кийимде | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 11 млн | |
Тили | |
Дини |
христиандар, |
Расалык тиби | |
Тууган элдер |
бенуэ-конго элдери |
Жалпы саны 11 миллиондон ашык адам. Басымдуу көпчүлүгү Нигерияда жашайт.
Тил
түзөтүүИбибио тилинде жана анын эфик диалектисинде сүйлөшөт. Көпчүлүк англис тилин билет.
Дин
түзөтүүКөпчүлүгү христиандар, бирок салттуу ишенимдердин жактоочулары да бар. Салттуу культтар – жаратылыштын рухтары (ндем), ата-бабалар, эң жогорку жаратуучу кудай Абасси.
Чарбалык иштер
түзөтүүКол менен иштетилген айыл чарбасы өнүккөн. Күрүч, ямс, маниок, жүгөрү, банан, какао, каучук, жержаңгак, кокос өстүрүлөт. Ошондой эле мал чарбасы (чочко, үй канаттуулар) жана балык уулоо да маанилүү.
Кол өнөрчүлүк
түзөтүүКөркөм кол өнөрчүлүк: токуу, жыгачтан оюу, шуру менен тигүү, геометриялык формадагы томпок жана "чачтуу" маскаларын чыгаруу.
Турак жай
түзөтүүТурак жай тик бурчтуу, өрүлгөн дубалдын сырты жана ичи чопо менен капталган[2].
Коом
түзөтүүКоомдук уюм тукумдардан жана чоң үй-бүлө жааматырынан турат. Салттуу эркектер жана аялдардын союздары сакталып калган. Эгиздөө системасы кеңири таралган.
Нигериянын саясий жана бизнес элитасынын арасында ибибио элинин көптөгөн өкүлдөрү бар.
Уруу топтору
түзөтүүИбибио уруу топторуна жана өзүнчө урууларга бөлүнөт:
- Чыгыш (ибибио өздөрү) — 25 уруу;
- Батыш (ананг) — 14 уруу;
- Түндүк (эньонг) — 2 уруу: нкалу жана окун;
- Түштүк (экет) — 2 уруу: окобо жана орон;
- Дельта (андони-ибено) — ибино;
- Дарыялык (эфик).
Тарых
түзөтүүАзыркы ибибио топтору ар кандай миграциялардын жана ассимиляциялардын натыйжасында түзүлгөн. 15-кылымдан баштап деңиз жээгиндеги уруулар европалыктар менен байланышып, кул соодасында ортомчуларга айланган, анын эң маанилүү борборлорунун бири Калабар шаары болгон.