Ийне сайманын бир түрү. Саймачы мында саюучу учукту жердиктен ичке алат. Эки башынан (аралыгы бир см. дей) илмек өңдөнтүп улам илип, ) улам улаштырып тартып отурат. Муну ар нече курдай кайталаганда сайманын чети «жөрмөмө саймадай» болуп, ортосу «кереге көз» өңдөнүп калат. Аны менен Түштүк Кыргызстандын аймактарында жашаган элдер «балыш», «жаздык», «текче», «туштук» өңдүү жүк жана жасалга буюмдарын такай саюуну салтка айланткан. Бул сайма берилген көчөт чийимдерди толтурууга өтө эле ийкемдүү келет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)