Интоксикацияорганизмдин сырттан келген же организмде пайда болгон уудан жабыркашы. Эгерде уу зат сырттан кирсе экзогендүү Интоксикация же уулануу деп аталат. Экзогендүү Интоксикацияга химиялык заттар, тиричиликте жана өндүрүштө пайдаланылуучу газ (мисалы, ис газы менен уулануу), тамакка уу заттын түшүшү, дарыны туура эмес колдонуу себеп болот.

Уу зат организмдин өзүндө пайда болуп, ал өз убагында бөлүнүп чыкпай, организмди ууландырса эндогендүү Интоксикация деп аталат. Ал ички секреция бездеринин иши бузулганда, бөлүп чыгаруу органдарынын ооруларында, жугуштуу ооруларда, кош бойлуулардын талгагында жана башка болот. Жалпы белгилери: дене ысып, алы кетет, баш ооруйт, уйку качат, куску келет; оор учурда кусат, булчуңдар тырышат, эстен танат.

Интоксикацияны себебине жараша дарыгер дарылайт. Оорулуунун абалына жараша кээ бир учурда ооруканага жаткырууга, кечиктирилгис тез жардам берүүгө туура келет.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8