Ишеним кат
Ишеним кат — башка жактын (ишеним көрсөтүүчүнүн) атынан бүтүмдү же башка укуктук аракетти жасоого өкүлдүн укугун аныктоочу документ. Ыйгарым укугунун көлөмүнө жараша ишеним кат үч түргө бөлүнөт:
- бир жолку бир конкреттүү аракет жасоого (мисалы, эмгек акы алууга);
- атайын кандайдыр бир түркүн аракетти жасоого (мисалы, ишкананын юрисконсультунун арбитражга чыгуусуна);
- жалпы же генералдык ишеним көрсөтүүчүнүн мүлкүн жалпы башкарууга келишимдерди түзүүгө ж. б.
Ишеним кат аракети анын мөөнөтү бүткөндөн, ишеним көрсөтүүчү ишеним катты жокко чыгаргандан, ишеним көрсөтүлгөн жак баш тарткандан, атынан ишеним кат берилген юридикалык жак жоюлгандан кийин жана мыйзамдарда каралган башка учурларда токтотулат. Ишеним кат түрлөрү, аны ишке ашыруу ыкмалары, анын аракетинин мөөнөтү ал берилген өлкөнүн мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5