Кабарда-Балкария же Кабарда-Балкар Республикасы — (кабарда-черкес. Къэбэрдей-Балъкъэр Республикэ) – Орусия Федарациясынын субъектиси. Орусиянын Европа жак бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Түштүгүнөн Грузия менен чектешет.

Кабарда-Балкар Республикасы
кабарда-черкес. Къэбэрдей-Балъкъэр Республикэ
орус. Кабардино-Балкарская Республика, КБР
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Кабарда-Балкар Республикасы картада

Кабарда-Балкар Республикасы, карта

Өлкө:

 Орусия

Абалы:

Республика

Киргени:

Түндүк-Кавказ федералдык аймагы

Курамында:

3 республикалык маанидеги шаар, 10 район

Акимий борбору:

Нальчик

Ири шаарлары:

Прохладный, Баксан, Нарткала

Түзүлгөн убакыты:

1992

Башчы:

Казбек Коков

Расмий тили:

Кабарда-черкес тили
Карачай-балкар тили
Орус тили

Калкы (2023):

903 266 киши

Жыштыгы:

72,44 адам/км²

Жер аянты:

12 470 км² км² (79чу орун орун)

Саат алкагы:

UTC+3

Аббревиатура:

КБР

ISO 3166-2 коду:

RU-KB

Унаа коду:

07

Расмий сайты

Негизги маалымат түзөтүү

Аянты 12,5 миң км2. Калкы 891,3 миң (2008); негизинен кабарда (48,2%), балкар(9,4%), орустар (32%), украиндер (1,7%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 62,4 киши. Ислам (мусулман), ошондой эле православие жана протестант диндерин тутат. Административдик-аймактык жактан 9 районго, 8 шаарга, 2 шаарчага бөлүнөт. Борбору Нальчик шаары. Шаар калкы 56,6%. Ири шаарлары: Прохладный, Тырныауз.

 
КБРнын жайгашуун картасы.

Мамлекеттик түзүлүшү түзөтүү

Түштүк Федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1997-ж. кабыл алынган Кабарда-Балкариянын конституциясы тарабынан аныкталат. Мамлекеттик башчысы президент. Парламенти 2 палатадан (өкүлдөр жана мыйзам чыгаруу) турат.

 
Казбек Коков, КБРдин башчысы.

Калкы түзөтүү

Росстаттын маалыматтары боюнча республиканын калкынын саны. 2016-2017-жылдары өлүмдүн көрсөткүчү (жыл аягындагы маалыматтар боюнча)[1].

Улуту 2010-жылдагы адам
саныЦитатанын катасы: Closing </ref> missing for <ref> tag
1989-жылдагы калктын
саны[2]
Кабардалар 490 453 (57,2%) 498 702 (55,3%) 363 494 (48,2%)
Орустар 193 155 (22,5%) 226 620 (25,1%) 240 750 (31,9%)
Балкарлар 108 577 (12,7%) 104 951 (11,6%) 70 793 (9,4%)
Түрктөр 13965 (1,6%) 8770 (1%) 4162
Осетиндер 9129 (1,1%) 9845 (1,1%) 9996 (1,3%)
Армяндар 5002 5342 3512
Украиндер 4800 7592 12 826 (1,7%)
Корейлер 4034 4722 4983
Цыгандар 2874 2357 2442
Черкестер 2475 725 614
Татарлар 2375 2851 3005
Азербайжандар 2063 2281 2024
Чечендер 1965 4241 736
Грузиндер 1545 1731 2090
Лактар 1462 1800 1587
Немистер 1462 2525 8569 (1,1%)
Ингуштар 1271 1236 664
Карачайлар 1028 1273 1202
Улутун атабаган адамдар 2269 15 0


Эркектер – 401 775 адам (46,7%). Аялдар – 458 164 адам (53,3%).
Калктын орточо жашы 35,3 жашты түзөт. Калктын орточо жашы 32,8 жашты түзөт.
Эркектердин орточо жашы 33,4 жашты түзөт. Эркектердин орточо жашы 30,8 жаш.
Аялдардын орточо жашы 36,9 жаш. Аялдардын орточо жашы 34,9 жашты түзөт.

Табияты түзөтүү

 
Эльбрус чокусу.

Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Экол. абалы канааттандырарлык. Республика Чоң Кавказдын түндүк капталында, Кабарда түздүгүндө жайгашкан. Ошондой эле республиканын аймагынан Чоң Кавказдын эң бийик жери Эльбрус чокусу (бийиктиги 5642 м; Россиянын да эң бийк жери) орун алган. Республикасынын аймагынын 33%ин түздүк ээлейт. Январдын орточо температурасы түздүктөрүндө -2...-5°С (кээде -32°Сге чейинки суук болот), тоолуу аймагында -11°С, июлдуку 2124°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрүндө 300400 ммден 500-600 ммге, тоо этектеринде 9001100 мм, бийик тоолорунда 2400-3000 ммге чейин. Көптөгөн минералдуу булактары жана 2172ге жакын агын суулары (жалпы узундугу 5470 км; Золка дарыясынан башка) бар. Дарыялары: Терек, Малка, Баксан. Түздүктөрүндө негизинен кара, тоолорунда күрөң тоо-токой жана тоо-шалбаа топурагы басымдуу. Талаа ландшафты өрдөгөн сайын жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб), субальп жана альп шалбаасына өтөт. Мөңгүлөрү бар. Кен байлыктарынан нефть, вольфрам, молибден, коргошун, цинк, алтын, калай, бентонит чопосу, курулуш материалдар сырьёсу, таш көмүр казылып алынат.

Бул аймакка кабардалар жана балкарлар 13-15-кылымда эле отурукташа баштаган. 1557-ж. Кабарда, 1827-ж. Балкария Россиянын курамына кирген. 1921-ж. Кабарда АОсу, 1922-ж. Кабарда-Балкар АОсу түзүлүп, 1936-жылдан Кабарда-Балкар АССРи болгон. 1944-ж. Балкария автономиясы жоюлуп, балкарлар республиканын аймагынан күч менен чыгарылган. 1957-ж. Кабарда-Балкар АССРи калыбына келтирилген. 1992-ж. 5-январда республиканын алгачкы президенти шайланып, 1992-ж. 10-мартта учурдагы аталышы кабыл алынган.

Республика Россияда өнүккөн тамак-аш жана тоо-кен казуу өнөр-жай ишканалары менен өзгөчөлөнөт. РФте жемиш мөмөлөрүн жыйноо боюнча 8-орунда (жалпы РФте жыйналгандын 3,2% и), жүн өндүрүү боюнча 11-орунда (2,2%). Кабарда-Балкария тоолыжа спорту, бийик тоо туризми жана альпинизм боюнча негизги аймактардын бири. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 21389,9 млн рубль. Андагы айыл-чарбасынын үлүшү 32,9% , ө. ж-дыкы 17% (2001). Чарбасы дан эгиндерин жана техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, сүт, сүт-эт багытындагы мал асыроого багытталган. Айыл чарбага жарактуу жери 665,0 миң га (жалпы жер фондусунун 53,2%и), анын ичиндеайдоо аянты 310,8 миң га (47,7%). Дан эгиндери (66,2%, буудай, жүгөрү, арпа), тоют өсүмдүктөрү (20,7%) өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, жемиш өстүрүү жана асыл-тукум жылкы (кабарда тукуму) асыроо, аарычылык өнүккөн. Өнөр-жайынын негизги багыттары: тамак-аш (40,4%, жашылча-жемиш, ликёр-арак, кондитер, спирт, минералдуу суулар жана алкоголсуз ичимдиктер), машина куруу жана металл иштетүү (26,8%; ири ишканалары «Машина куруу заводу» ААК, «Кавказкабель» ЖАК, «Терекалмаз» ААК), түстүү металлургия (5,8%; «Гидрометаллург» ААК), курулуш материалдары (3,7%).

Темир жолунун узундугу 133,3 км, автомобилдики 3101,6 км (анын ичинде1968,5 кми асфальтталган). Республиканын аймагы аркылуу Түндүк-Кавказ темир жол тармагы, «Кавказ» федерациялык автомагистралы өтөт. Эл аралык аэропорту бар. Республикада 301 жалпы билим берүүчү, 28 башталгыч жана орто окуу жайы, 7 Жогорку окуу жайлары (анын ичиндеуниверситет; филиалдар менен), 5 театр (анын ичиндемузыкалык, куурчак), филармония, 2 бий жана ыр-бий ансамбли, 11 музей (анын ичиндеКайсын Кулиевдин үй-музейи ж. б.), 3 китепкана (анын ичиндеазиздер үчүн) бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Төрөттүн, өлүмдүн көрсөткүчтөрү , 2017-жылдын январь-декабрь айлары үчүн табигый өсүш, ажырашуулар, ажырашуулар Калып:Wayback Россиянын Мамстат (Росстат) .
  2. Demoscope Weekly. Тиркеме Статистикалык көрсөткүчтөрдүн колдонмосу. 1989-жылдагы Буткул союздук эл каттоо. Россиянын аймактары боюнча калктын улуттук курамы. Кабардин-Балкар АССР(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).