Каба
(«Каба, Базар-Коргон району» барагынан багытталды)
Каба — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районундагы айыл. Талды-Булак айыл аймагына кирет. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон — Арстанбап жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Базар-Коргон айылынан 23 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жолбекетинен 55 км.
Айыл
Каба
|
Калк
түзөтүүКалкы — 1598 (2009-жылы)[1]; негизинен токойчулукта эмгектенип, дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, почта түйүнү, амбулатория бар. Тегирмендер, мончо, соода түйүндөрү турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кичи ишканалар иштейт.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 27 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.