Кабоверделиктер, кабовердиндер, Кабо-Верде креолдору (өз аталышы криолу) — эл. Кабо-Верде Республикасынын негизги калкы.
Жалпы саны 310 миң адам. Анын ичинде 270 миң Кабо-Верде Республикасында, 40 миң Сенегалда.

Тил

Кабо-Верде Республикасынын расмий тили — португал тили. Бирок калктын көбү криолу (кабувердьяну) тилинде сүйлөйт. Бул тил эски португал тилинин батыш африкалык тилдер менен байланышынын натыйжасында пайда болгон.

Дин

Калктын басымдуу бөлүгү католиктер.

Келип чыгышы

Кабоверделиктер 16—19-кылымдарда португалиялык отурукташкандар менен аралашып кеткен африкалык кулдардын тукумдары. Мулаттар 60% түзөт.

Кийим

Кийим-кече жана материалдык маданият европалык.

Тамак-аш

Тамак-ашы негизинен жашылчалардан жана балыктан турат.

Коом

Коомдук түзүлүштүн негизин моногамдуу чакан үй-бүлөлөр түзөт. Аталык туугандык эсеп.

БулактарОңдоо