Каллас Мария

Грек сопраносу

Каллас Мария (Callas; чыныгы аты-жөнү Калогеропулу, 2. 12. 1923, Нью-Йорк — 16. 9. 1977, Париж) — грек ырчысы (лирика-драмалык сопрано). 20-кылымдагы мыкты ырчылардын бири. 1937-жылы Афины консерваториясында окуган. 1942-44-жылы Афины опера театрларында ырдап чыккан. Каллас алгач Жоконданын партиясын («Жоконда», А. Понкьелли) аткарып таанылган (1947, Арена-ди-Верона). 1951-жылдан «Ла Скала» (Милан) театрынын солисти. 1952-жылы «Ковент-Гарден» (Лондон) театры, 1954-жылы Чикаго операсында, 1956-жылы «Метрополитен-опера» (Нью-Йорк) жана башка дүйнөнүн ири театрларында ырдаган. Адегенде белькантонун стилиндеги партияларды жана Вагнердин каармандарынын (Изольда, «Тристан жана Изольда»; Брунгильда, «Валькирия»; Кундри, «Парсифаль») партияларын бирдей ийгилик менен аткарган. Кийинчерээк итал. романтикалык репертуарга көңүл бурган. Көрүнүктүү партиялары: Медея («Медея», Л. Керубини), Турандот (Ж. Пуччини), Анна Болейн («Анна Болейн», Г. Доницетти), Леди Макбет («Макбет», Ж. Верди), Ифигения («Ифигения Тавридде», К. Глюк) жана башка Киного да тартылган («Медея», П. П. Пазолини, 1969). Москвадагы П. И. Чайковский атындагы 4-Эл аралык конкурстун калыстар тобунун мүчөсү болгон (1970). 1982-жылдан Афиныда вокалисттердин М. Каллас атындагы эл аралык конкурсу өтүп турат.

Maria Callas (1958)

Колдонулган адабияттар түзөтүү