Калып:Бүгүн:07-7
- 1869-жылы — Ысык-Көлгө куйган Каракол суусунун жээгинде Каракол аталыштагы европалык типтеги шаар түптөлө баштаган.
- 1881-жылы — "Пиноккио" жомогу алгачкы ирет Римде "Балдар үчүн журналында" басылып чыккан (сүрөттө).
- 1930-жылы — Жергиликтүү калк Лебединовка кыштагынан христиан-несториандарга таандык эстелик табышкан.
- 1938-жылы — Ленинграддагы телеборбор эфирден 2 саттык концерт көргөзгөн, бул СССРдеги биринчи телеберүү болгон.
- 1950-жылы — Исхак Раззаков Кыргызстан КП (б) БКнын биринчи катчылыгына шайланган.
- 2005-жылы — Лондондо террорчулар уюштурган 4 жардыруу болгон.
- 2008-жылы — Талибандын согушкерлери Кабулдагы Индиянын элчилигине кол салышкан.
- 2011-жылы — Түркмөнстанда аскер бөлүгүнүн кампасы ысык аба-ырайынан улам өрттөнүп кеткен.