Доңуз

Каман‎»‎ барагынан багытталды)

Кадимки доңуз (лат. Sus scrofa, L. 1758) - жапайы чочко.

Кадимки доңуз.

Денесинин уз. 2 м че, бийикт. 1,2 м, салм. 300 кг га жетет. Үстүңкү жана астыңкы азуусу ууртунан чыгып, ийрек болот. Денеси кылчык жүн менен, кышкысын тыбыт менен капталат. Чоңунун өңү буурул; торопоюнун агыш жолжол тагы бар. Каман Түндүк Африка, Европа жана Азияда; Балтика бою, Белоруссия, Украина, Волга бою, Орто Азия, Казакстан ж. б. жерлерде көбүнчө токойдо кездешет.

Кыргызстандын Сары-Челек, Арстанбап ж. б. токойлуу жерлеринде да көп жолугат. Ал өсүмдүк тамыры, жапайы алма, алмурут, доңуз жаңгак, чөп, курт ж. б. жейт. Үйүрү чакан, көбүнчө түнкүсүн оттойт. Ноябрь - январда күүлөп, март - май айында 3-4 торопой тууйт. Эти тамак-ашка, териси, жүнү өнөр жайда пайдаланылат.

Үй чочкосу Камандан келип чыккандыктан анын эркеги да каман деп аталат. Кальмар униясы Дания королдорунун бийлигине баш ийген Дания, Норвегия (Исландия менен бирге) жана Швециянын (Финляндия менен кошо) бирикмеси. Уния (бирикме) немецтердин экономикалык жана саясий экспапсиясына каршы күрөшүү максатында Кальмар шаарында (Швеция) 1397-ж.түзүлгөн. Бул үч королдуктун бирикмеси анча бекем болгон эмес. Экономикалык жана саясий жактан чыңыраак Дания Швеция менен Норвегияны толук баш ийдирүүгө аракеттенген. Униядан Швеция чыккандан тартып (1523) ал өз күчүн жогото баштаган. Дания - Норвегия бирикмеси 1814-жылга чейин сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Bio-stub