Кан-Теңир тоо тоому

Кантеңир, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Кан-Теңир тоо тоому, Муз-Тоо – Борбордук жана Чыгыш Теңир-Тоонун, негизги бөлүгү Кыргызстандын, чыгыш жагы жана Түштүк капталдары Кытайдын, Түндүк капталдары Казакстандын аймагында. Батышынан Сары-Жаз, чыгышынан Музарт өрөөндөрү, түндүгүнөн Текес, түштүгүнөн Тарим ойдуңдары менен чектешет. Узундугу 200 км, туурасы 50–60 км, жалпы аянты 10 миң км2ден ашык. Батышында Меридиан кырка тоосуна такалат. Батыш тарабындагы негизги кырка тоолор: Тескей Ала-Тоо, Адыр-Төр тоосу, Сары-Жаз кырка тоосу, Теңир-Тоо, Эңилчек кырка тоосу, Кайыңды кырка тоосу, Көйкап тоосу, Май-Баш тоосу, Боз-Кыр кырка тоосу; чыгышында: Калык-Тоо, Сайкал жана башка Мында Теңир-Тоонун эң бийик бөлүгү – Жеңиш (7439 м) жана Кан-Тоо (6995 м) чокулары жайгашкан. Эң жапыз жери 1687 м бийикте болгондуктан, бийиктик амплитудасы 5759 мге жетет. Орточо бийиктиги 3500 м. Рельефтин жогорку ярусу басымдуулук кылат. Неогендин башталышынан азыркы мезгилге чейинки кыймылдын негизги багыты – көтөрүлүү. Неогенге чейинки түздүктөр азыр 3000–3500 м бийикте тектирленген түздүк түрүндө сакталган (сырт). Өрөөндөр негизги структураларга жараша кеңдик боюнча жайгашкан. Негизинен протерозойдо жана төмөнкү палеозойдо пайда болгон мраморлошкон акиташ теги, кристаллдык жана чополуу сланец, мрамор жана аларды жиреп чыккан гранит-диорит тектеринен турат. Чет-жактарында неогендин кызгылт тектери да кездешет. Климаты кескин континенттик, бийиктеген сайын өзгөрөт. Жаан-чачын да ар жеринде ар кыл. Меридиан кырка тоосунун батыш капталында жылдык жаан-чачыны 1000 ммге чейин болсо, Эңилчек өрөөнүндө 250 мм гана жаайт. 3000 км2 жери же жалпы аянтынын 30%и мөңгү менен капталган.

Ири мөңгүлөрү: Түштүк Эңилчек (узундугу 59 км, аянты 613 км2); Түндүк Эңилчек (39 км, 203 км2), Кайыңды (26 км, 107 км2), Адыр-Төр (20 км, 75 км2), Семёнов (21 км, 74 км2). Кытай тарабында Темир-Суу, Сайкал, Түндүк жана башка мөңгүлөр бар. Сууларынын көбү Таримдин алабына таандык; ирилери: Сары-Жаз, Түндүк Текес, Түштүк ТемирСуу. Ландшафты бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт. Түштүк капталынын этектерине чөл жана жарым чөл, андан жогору кургак талаа жана талаа, ички өрөөндөрүндө жана Түндүк капталында токой, андан бийик субальп, альп, шалбаа жана субнивалдык гляциалдык-нивалдык суук ландшафттар жайгашкан. Жаныбарлары: тоо эчки, аркар, аюу, илбирс жана башка Бул аймакты эзелтен кыргыздар мекендейт. Аты тоонун өтө бийиктигине байланыштуу пайда болгон: «теңирдин (асмандын) каны (падышасы)»; «асман мелжиген тоо» маанисинде. Экологиялык жактан Теңир-Тоонун эң таза жана рельефи татаал аймагы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү