Каныбек Иманалиев

Кыргызстандык саясатчы

Каныбек Иманалиев — Кыргызстандык саясатчы, журналист, публицист. Кыргыз Республикасынын билим берүү министри (2023). Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрт чакырылышынын депутаты.

Каныбек Иманалиев
Иманалиев Каныбек Капашович
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын билим берүү министри
желек
желек
 2023
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
Президент: Роза Отунбаева
Алмазбек Атамбаев
 
Жарандыгы: СССР желеги СССР Кыргызстан Кыргызстан
Туулган жери: Кайыңды, Кемин району, Чүй облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: Ата-Мекен
Ар-Намыс
Кесиби: юрист

Өмүр баяны түзөтүү

Иманалиев Каныбек Капашович 1969-жылдын 11-майында Чүй областындагы Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. Улуту – кыргыз, эки жогорку билимдин ээси, саясат таануу илимдеринин доктору. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
1987 – 1989-жылдары СССР Куралдуу күчтөрүнүн катарында аскер кызматын өтөгөн.
1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн эң жакшы баада окуп бүтүргөн.
1998-жылы «Политология» адистиги боюнча Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясын (РАГС) эң жакшы баада бүтүргөн.
2002-жылы Москва шаарында (РАГС) кандидаттык диссертациясын жактаган, 2010-жылы болсо Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипакадемияда докторлук диссертациясын жактаган.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1992-жылы «Асаба» эркин гезитинде корреспондент болуп баштаган, ал жерде 1994-жылга чейин иштеген.
1994 – 1995-жылдары пресс-кызматынын референти, 1996-жылдын январь айында пресс-кызматынын жетекчилик ордуна дайындалган, 1996-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Пресс-катчысы.
1999 – 2004-жылдары «Учкун» АКнун Президенти.
2000 – 2005-жылдары № 2 Жал округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты. Эл аралык жана парламенттер аралык байланыш боюнча комитеттин мүчөсү болгон.
2005-жылдын февраль айында № 62 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Бир катар мыйзам долбоорлорунун автору болгон.
2008 жылдан 2010 жылга чейин Кыргыз - Орус Славян Университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору.
2010-жылдын ноябрь айынан тартып «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитеттин мүчөсү, ОБСЕде Жогорку Кеңештин өкүлү.
2002-жылы Парламенттер аралык КМШ ассамблеясы К. Иманалиевди «Древо дружбы» («Достук багы») алтын медалы менен сыйлаган.
Каныбек Иманалиев – республикада көрүнүктүү журналист, публицист. Орус жана англис тилдеринде басылган «Кыргызстан (Слово о Родине)» китебинин, «Жоогазын ыры» («Тюльпаны пустыни»), «Кыргызские притчи», «Алтынкөлдүн аккусу», «Тагай бий» повесттеринин жана «Арзуу ыры» ырлар жыйнагынын автору. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхы, маданияты, этнографиясы жөнүндө макалалар жана маалыматтар жыйналган «Кыргыздар» басылмасынын 10 томдугунун түзүүчүсү.
2009-жылы анын «Каганат» (Сокровенное сказание кочевников) китеби КМШ өлкөлөрү катышкан-мамлекеттирдин эл аралык сынагында «Наш современник» номинациясындагы I даражадагы Диплому менен сыйланган.
2010-жылы Улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган «Саякбай» («Баллада о гение») китеби басылып чыккан. Колдонулган булак.

Шилтемелер түзөтүү