Кара-Балта Жайыл районундагы суу, Ак-Суунун сол куймасы. Кыргыз Ала-Тоосунунтүндүк капталынан башталат.

Кара-Балта
Мүнөздөмө
Узундугу 133 км
бассейндин аянты 577 км²
Суу агымы
Аягы Чүй
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Чүй облусу
Район Жайыл району

Узундугу 133 км, алабынын аянты 577 км2.

Жогорку агымында капчыгай менен агып, тоодон чыга бериште сугатка бөлүнүп кетет.

Негизинен кар, мөңгү жана булактардан куралат.

Жылдык орточо чыгымы 5,3 м3/сек. Эң көп чыгымы июлда, эң азы февраль—мартта байкалат. Октябрда тартылып, майда кире баштайт.

Ири куймалары: Туюк (16 км), Чоң-Мазар (12 км); оң жагынан Абла (11 км).

Сугатка кеңири пайдаланылат.

Жээгинде Кара-Балта шаары, Сосновка, Сары-Булак, Ставрополка, Степной кыштактары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз совет энциклопедиясы, 3 том. Башкы редактору Б. Ө. Орузбаева. Фрунзе — 1978.