Сосновка (Жайыл району)

Сосновка, Жайыл району‎»‎ барагынан багытталды)

СосновкаКыргызстандын Чүй облусунун Жайыл районундагы айыл. Сосновка айыл аймагынын административдик борбору.

Сосновка
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1912

Аянты

4

Бийиктиктиги

1122

Климатынын түрү

Кескин континенталду

Калкы
Расмий тили

Кыргыз тили

Калкынын саны

5 950 (2015)

Жыштыгы

372 адам/км2

Диний курамы

Мусулмандар, Христиандар жана башкалар

Этнохроним

Сосновкалык, Сосновкалыктар

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996 3133

Почта индекси

724421

http://www.jaiyl.kg/ru/main/aiil_okrug/Sosnovskii/

Калкы түзөтүү

Жыл 2009[1] 2014[2] 2015[3]
адам 5568 6100 5950

Кыскача таржымалы түзөтүү

Тээ илгертен бери Суусамыр жайлоосунда жайлата мал менен алектенген Кыргыз журту, күз айларынын башталышынан тартып, ушул айылдын оордунда боз үйүн тигип, дайраны этектеп, кыштоону өткөрчү. Жаз айлары кайра жайлоону көздөй аттанышчу. 1872- жылы башкарып турган Кокон хандыгы уурап, бийлике Орусия падышачылыгы келген. Бийлигин орноткондон тартып, орус улутундагыларды бүтүндөй Кыргызстанга отурукташтыра баштаганда, бул жерге да алып келип көчмөн калктын башына койгон. Келген орустардын көбү Оруссиянын Сосновка айылдарынын биринен болушкан. Ушул себептерден келген орустар жерге өз айылынын атынан атап калышкан. Жаңы келген бийлик элге үй салдырып, отурукташтырган. Баягыдай эле мал менен алектендирип, жерден түшүм алганды үйрөткөн. Кийинчирек Совет бийлиги орногондо ликбездер ачылып сабатсыздыкты жойдура баштаган. Электр жарыгы кошулуп, эң чон колхоздордун бири Крупский атындагы колхоз коперативи түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта 500дөй айылдын тургундары согуш майданына аттанышкан. 300дөн ашуун кайтпай калган. 1941-1942 жылдарда азыркы Украинанын, Харьков шаарынан Совнарком СССРдин чечими менен тигүү фабрикасы көчүрүлүп келинген. Батыш СССРден элдер да эвакуацияланып, көптөгөн билимдүү адамдар келген. Негизги улуттар карачай, чечен, украин, орус, немис ж.б. Согуш аяктаганда көбү өз жерлерине кайткан, бирок бир топ адам калып калган. Бала бакча, жаңы чоң мектеп, оорукана, гастроном, ашканалар салынган. 1991- жылы Кыргызстан суверинитеттү мамлекет болуп, эгемендүүлүкө жеткенде көп тармак жеке колго өтүп кеткен. Колхоз толугу менен уурап, чоң ооруканадан жөн гана үй-бүлөөлүк топ даарыгерлер калган. Бүтүндөй Кыргызстандагыдай оор күндөр келген. Орус, немис улутундагылардын көбү айылдан көчүп кетишкен. 1991-1992 жылдары Таджикстандык кыргыздар Жергеталдан 100дөй түтүн үй-бүлөө көчүп келген. 2007- жылдан тартып ички миграциядан түштүк областардан калк көчүп келип жатат. Акыркы жылдары инфраструктура аздыр көптүр оңолуп, иштебей калган бала бакча иштеп, 1- класстан 4- класска чейин окуучулар мектеби кайра курулууда.

Климаты түзөтүү

Климаты кескин континенталду. Кышында аба-ыраайынын орточо сууктугу -8, -10 °C. Жай айларынын жылуулугу +25, +27 °C. Жаан-чачындын негизги үлүшү жазында жана күзүндө түшөт. Кышында кардын бир жааганынын калыңдыгы, орто эсеп менен 10 - 12 см. Дыйканчылык, багбанчылыка ыңгайлуу.

Географиялык абалы түзөтүү

Чүй өрөөнүндө , Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк-батыш этегинен оорун алган. Түндүгүндө түздүк жерлер. Бийиктиги 1122 м. Айылдын батыш тарабында Кара-Балта дарыясы агып түшөт. Бишкек-Ош автомобиль жолунун 72 - чакырым аралыгында, Кара-Балта шаарынан 22 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жакынкы айылдары Сары-Булак, Моңолдор, Кызыл-Дыйкан, Кайырма, Бөксө-Жол.

Экономикасы түзөтүү

Негизи элдин кобундо короо жайы бар. 80%дан ашуун короолорун себип: томат, бадыраң, пияз, картөшкө ж.б жашылчларын өстүрүп сатууга жан кышкыга сакташат. Дыйкандар талаа жерлеринде: кант кызылчасын, күн карама, буудай, арпа, беде чөбүн өстүрүшөт. Мал багуу да негизги кирешелеринин бири, анда: уй, кой, эчки, жылкыларды багып сатышат жана эт, тери, жүн, сүт менен камсынданышат. Уйдан алынган сүтүн атайын келип, унаа менен убакытка жараша баага алып кетишет. Жумуш айыл өкмөтүндө, мектеп, ЖЭБ 9 (ДЭУ-9) , бала-бакчада жана жекелик ашкана, дүкөндөрдө гана. Ийри ишкана же завод Сосновка айылында жок. Бирок 2014- жылы Кара-Балтада ишке кирген Кытай "Чайна Петроль Компани- Джунда" нефть тазалоо заводунда үзгүлтүксүз иштөө негизинде 30 дан 50- гө чеин Сосновканын тургундары иштейт. Завод курулуп жаткан учурда 200 гө чейин адам иш менен камсыз болушкан (2011-2014). Ошол эле Кара-Балтада калк базарларда, банктарда ж.б жерлерде барып келип иштешет. Айлык менен жумуштун аздыгынан калк Бишкек шаарына, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө миграцияланууга мажбур. Ар бир 2-3 үй-бүлөөдөн 1 адам башка мамлекетте иштеп үйүнө акча салып турат.

Булактар түзөтүү