Карабагыш (уруу)
(«Кара багыш» барагынан багытталды)
Кара багыш - Оң канаттагы, Адигине уруулук тобунун кура- мындагы теги байыркы уруу. Кара багыш өз алдынча уруу катары Сейф ад-Дин Аксыкендинин «Мажму ат-Таварихинде» (16-к.) эс- керилет. Адигине, Мунгуш, Тагай баатыр менен бирге Отуз уулдун балдары катары чагылдырылат. Уруу аталышы кыргыздардын эзелки тотемисттик ишенимдерине байланыштуу келип чыккан. Бул уруунун өкүлдөрү Кара-кулжа, Өзгөн, Сузак; Өзбекстандын: Ханабад райондорунун аймактарын байырлашат.
Уруктар
түзөтүүНегизги уруктары: Мырзакул, Чаабасар, Абдырахман, Алымбек, Ажыбай, Бошотай, Шайбек, Мамын, Калматай, Жаныбек, Баштык, Саты жана башкалар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4