ОТУЗ УУЛ – оң жана сол канат кыргыз урууларынын жалпы аталышы. Отуз уул – бугу, чекир саяк урууларынын курамдарындагы уруктар катары да белгилүү. Отуз оглан аталышы менен Таластан табылган руна сымал жазууларда (6–9-кылым) эскерилет. Г. Ф. Миллердин эмгегинде (18-кылым) Түштүк Сибирде «отус» аттуу аймак жөнүндө маалыматтар кездешет. Кыргыздарга теги жакын сары уйгурларда «оглан» деген урук сакталып калган. 15-кылымга таандык «Шаджарак ал-атракта» («Түрктөр санжырасы») кыргыздар 40 моңгол кызынан, ал эми «отуз огул» (отуз уул) алардын 30 баласынан тарагандыгын баяндаган уламыштар чагылдырылган. Сайф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат-Таварихинде» (16-к.) отуз уул Салус бек Бул(а)гачи Ак уулдун балдары катары көрсөтүлөт. Тарыхый булактарда Адигине, Мунгуш, Кара багыш, Тагай баатырлар отуз уулдун балдары экендиги эскерилет. 16-кылымдан отуз уулдун тукумдары катары сол канат кыргыз уруулары да атала баштаган. Түрколог А. Н. Кононовдун пикири боюнча «отуз уул» отуз уруу маанисин туюнтат. «Отуз оглан» сөзү чагылдырылган Таластагы жазуу эстеликтеринде 16-кылымда эскерилген Кара Чоро генониминин болушу, ошондой эле енисей жазуулары, Таластан жана Кочкордон табылган руна сымал жазууларда «адык», «азык», «ач эли», «ынал», «агулт» терминдери да кызыгууну жаратат. Фарс тарыхчысы Рашид ад-Дин (13-к.) кыргыздар өз жол башчыларын «инал» дешерин эскерет. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө «ынал» – энеси чоң (тектүү, белгилүү, күч-кубаттуу) уруудан, атасы «тексиз, карапа-йым жерден чыккан адам» деген маанини билдирет. Демек, отуз уул 6–10-кылымда эле уруулук аталыш катары белгилүү болгон.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.