Кегети, ашуусуТүндүк Теңир-Тоодо, Кыргыз Ала-Тоосунда. Кегети (Чүйдүн сол куймасы) жана Чыгыш Каракол Кочкордун сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3702 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 400—500 м. Капталдары тик. Ашуу девонкарбондун кумдук, катмарлуу конгломерат, сланец, мергель тектеринен турат. Ашуу аркылуу Чүй жана Кочкор өрөөндөрүн байланыштырган автоунаа жолун салу аракети болгон. Чүй өрөөнүнөн Ийрисуу жана Суусамыр жайлоолоруна мал ашырылат. Кыш мезгилинде кар калың жаап, 2-3 ай ашуу жабылат.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2