Кең-Калкан
Кең-Калкан — топоним. Кыргыздар мекендеген жерлердин бири катары эскерилет. Бокмурун атасына аш берерде «Кең-Калкандан өтөмүн, Кеме менен кечемин» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 74-б.),— деп Баймырза менен кеңешкенде айтылат. Географиялык реалияда Иле дарыясынын боюндагы тоо (Кичи-Калкан, Чоң-Калкан).
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|