Almanbet Janışev
Саламатсызбы
түзөтүүСаламатсызбы. Бул макалаңыз өчүрүлдү. Кыргыз Википедияда макалалар кириллицада жазылат. Ошондой эле, Википедия - энциклопедия болгондуктан, бардык киргизилген маалымат булактар менен коштолуш керек. Болбосо өчүрүлүшү мүмкүн. Рахмат.--Bosogo (баарлашуу) 14:47, 16 февраль 2022 (UTC)
Сиздин добушуңуз керек!
түзөтүүСаламатсызбы! Мен өзүмдү администраторлукка шайлоого бул макалада — Шайлоо сиздин ой пикириңиз керек. Чоң рахмат. Lauriswift911 (баарлашуу) 18:50, 26 январь 2023 (UTC)
Саламатсызбы!
түзөтүүАрыбаңыз! Мен сиздин “Украинанын административдик бөлүнүшү” макаласына салым кошконуңуз үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Жана сиздин башка өлкөлөрдүн акимий бөлүнүшү тууралуу салымыңыз үчүн да ыраазычылык билдирем!
Сизге бул багытта жардам керек болсо, мага кайрылыңыз, бирге Кыргыз Википедиясын өнүктүрөлү. Lauriswift911 (баарлашуу) 18:31, 3 февраль 2023 (UTC)
Административдик/акимий
түзөтүүСаламатсызбы. Кыргыз тилинде «аким» — жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы («Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси). Жергиликтүү мам. администрацияны эл акимчилик дейт. Акимчиликтер райондун деңгээлинде гана иштейт.
«Акимий» сын атоочун ишенимдүү булактарда колдонгонун көрө элекмин. Буга байланыштуу «административдикти» «акимийге» алмаштырбоону суранам. Bosogo (баарлашуу) 14:55, 16 апрель 2023 (UTC)
Эскертүү
түзөтүүСаламатсызбы.
"Нью-Дели" дегенди "Жаңы Дели" деп өзгөткөнүңүз.
колдонулбаган "Жаңы Йорк" дегенди кошконуңуз.
Кайрадан "административдик" деген сөз "акимий" менен алмаштырып баштадыңыз. Макалаларды булактарга таянбай кайра атап жатасыз (мисалы, "Омск" макаласын "Омбу" деп кайра атаганыңыз). Мындай көрүнүш кайталанса убактылуу бөгөттөлүшүңүз мүмкүн. Bosogo (баарлашуу) 21:00, 22 июль 2024 (UTC)
Бөгөттөө 01.09.2024
түзөтүү Берилген эскертмелерге карабастан, булактарга таянбастан, көптөгөн макалаларды кайра атоону улантуу Википедияга зыян келтиргени үчүн убактылуу бөгөттөлгөнсүз. Бөгөттүн мөөнөтү 21 күн. Бөгөт аяктагандан кийин долбоорго катыша аласыз. |
Бөгөттөө 10.10.2024
түзөтүү Берилген эскертмелерге жана мурдагы бөгөттөргө карабастан, булактарга таянбастан/консенсустук эмес кайра атоолорду улантуу Википедияга зыян келтиргени үчүн убактылуу бөгөттөлгөнсүз. Бөгөттүн мөөнөтү 1 жыл. Бөгөт аяктагандан кийин долбоорго катыша аласыз. |