Макалалар түзөтүү

Саламатсызбы.
Википедиянын негизги принциптерине ылайык макалалар ишенимдүү булактар менен коштолушу керек. Андыктан «Honda Torneo» макаласында булактарды келтирүү керек. Ал менен бирге Кыргыз Википедиясы кыргыз тилинде жазылат, ошондуктан макаладагы «л.с.» сыяктуу терминдерди кыргызчалаштыруу керек.
Мындан тышкары, «Nike» макаласы өтө кыска жана тийиштүү деңгээлде таризделген эмес ("булактар" бөлүмү жок). Макала толуктанбаса, өчүрүрүлүшү мүмкүн. Эгерде макала үстүндө кийинчерээк иштейм десеңиз, анда ал макаланы өз аталыш мейкиниңизге (Мисалы, Колдонуучу:Audarmashy32/Nike) көчүрсөңүз туура болмок. Рахмат. Bosogo (баарлашуу) 06:55, 28 октябрь 2023 (UTC)Жооп берүү