Эскертүү
Сиз массалык түрдө Кыргыз Уикипедиясынын эрежелерине жооп бербеген макалаларды киргизип жатасыз. Эрежелерди бузуу сиздин макала киргизүүгө, оңдоого болгон укугуңузду чектөөгө алып келиши мүмкүн. Тажрыйбасы аз колдонуучуларга тажрыйбалуулардан кеңеш алып иш алып баруу сунушталат. Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, мага, башка бир тажрыйбалуу колдонуучуга же башка администраторго кайрылуудан эч тартынбаңыз.
Эскертүү: Күчүндө бар эскертүүнү өчүрбөө сунушталат, анткени, кээ бир учурларда бул аракет Уикипедия эрежелерин бузуу катары бааланышы мүмкүн.

--Askar Nazyrov ([[Калып:Ns:колдонуучу баарлашуу:Askar Nazyrov|баарлашуу]]) 13:57, 15 Август (Баш оона) 2016 (UTC)

Сиз түзүп жаткан макалаларда каталар өтө көп түзөтүү

Саламатсызбы UlutSoft1 .. Сиздин Кыргыз Уикипедиясына кошуп жаткан салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.Бирок өтө көп каталар менен макала түзүп жатасыз,мүмкүн болсо каталарга көңүл бөлүп койсоңуз.Сиз түзгөн макалалардын бир канчасын оңдоп чыктым.Баары бир баарын оңдоого жетише албай жатам.Ал эми кээ бирлерин өчүрүүгө сунуштадым.→ Тилдин сөздүк составы
Макалалардагы каталар:

Каталар Оңдоо керек
Областы Облусу
Составы Курамы
Граждандык согуш Жарандык согуш
Зонасы Сүйлөмгө карата аймагы деп оңдосо болот
Таблицасы Жадыбалы
Закондору Мыйзамдары

жана башка ушул сыяктуу каталарды көп байкадым.
Ал эми персоналар тууралуу түзүп жаткан макалалардын аталышын (адам ысымдарын) төмөндөгүдөй ачсаңыз болот → Райнер Мария Рильке же Баян Есентаева, Самара Каримова .Биз Орус Уикипедиясына таянып Каримова, Самара Эрмековна деп ачып жатканыбыз туура эмес деп ойлойм.Себеби орус тили биздин тилибизге айкалыша бербейт.андыктан түрк тилдүү Уикипедияларга же англис Уикипедиясына басым жазаганыбыз туура болот.Булга далил катарында →

Бизге жакын тилдер Казак,Өзбек,Түрк,Татар тилдери.Казактар да алгач биздикиндей эле үтүр коюшкан, кийинчерээк алар үтүрлөрүн алып салышты.учурда персоналар тууралуу макалаларда дээрлик жокко эсе.Биз да үтүр койбосок жакшы болмок.Рильке, Райнер Мария Райнер Мария Рильке.Ишиңизге ийгилик.Урматтым менен!!! Абдырашит Сатылганов (баарлашуу)


Оңдоп түздөө, жана сунуш кеңештериңизге ырахмат, булар көңүлсүз калбайт. --UlutSoft1 (баарлашуу) 17:33, 19 Ноябрь (Жетинин айы) 2016 (UTC)

Ulutsoft1, сиз Уикипедиянын негизги принциптеринин бири болгон автордук укукту сыйлоо принцибин одоно бузуп, автордун уруксатын сурабай эле анын эмгегин колдонуп, массалык түрдө макалаларды автоматтык түрдө киргизип жатасыз. Уикипедияда буга жол берилбейт. Мындай макалалар жок кылынат. Мурунку берилген эскертүүлөргө карабастан, Уикипедиянын жол-жоболору менен таанышып чыкпадыңыз.Ошондуктан сиздин эсеп убактылуу бөгөттөлдү. Эмкиде иш-аракеттерди улантаардан мурун, Уикипедиянын эрежелери менен жакшылап таанышып чыгышыңызды сунуштайм. --Chorobek (баарлашуу) 10:04, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2016 (UTC)

  • Саламатсызбы, Урматтуу Chorobek мырза.
    Китептин авторунун өзүнөн уруксат алынган жана ошого жараша иш жүрүүдө. Бөгөттү алып койушуңузду суранам. --UlutSoft1 (баарлашуу) 10:23, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2016 (UTC)
  • Мен Кабыл Макешов агайга чалдым. Ал киши эч кимге уруксат бербегендигин өзү айтты. Эми тастыктайм десеңиз, кагаз түрүндө уруксат көрсөтүшүңүз керек болот. --Chorobek (баарлашуу) 10:50, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2016 (UTC)
  • Сураныч, дагы бир ирет өзү менен байланышыңыз. Кагазсыз эле уруксат берди. Маселе тактала электе эле, өчүргөнүңүз туура эмес. Тактап туруп, макалаларды кайра калыбына келтирип койуңуз. --UlutSoft1 (баарлашуу) 11:56, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2016 (UTC)