Самара Каримова

Кыргызстандын ырчысы жана актрисасы

Самара Каримова1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. жеке ырчы, "Самара" театралдык тобунун жетекчиси.

Самара Каримова
Толук ысымы

Каримова Самара Эрмековна

Туулган датасы

10 -апрель 1991(1991-04-10) (29 жаш)

Туулган жери

Баткен облусу, Лейлек району Өзгөрүш айылы

Өлкө

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актриса

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

Фольклор, поп

Активдүү жылдары

2013 — азыркы учурда

Сыйлыктары

"Супер-Инфо" "2014-жылдын супер дебюту"

Super.kg: ID 1017
Commons-logo.svg Аудио, фото, видео Уикиказынада

"Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча «2014-жылдын супер дебюту» наамынын ээси. Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти.

Өмүр баяныОңдоо

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 1998-жылы Наргозу Батыров атындагы мектепке кирип, 2009-жылы кыргыз-түрк Манас университетинин актрисалык бөлүмүнө тапшырган. Анда 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. 2010-жылдан тарта Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын актрисасы, жеке ырчы. Ырчы айымдын атасы Эрмек Каримов аккордеондо ойноп, көптөгөн тилде обон созот. Кесиби боюнча орус тили жана адабиятынан мугалим. Апасы Разия Шарипова Кыргыз Республикасынын ардактуу медициналык кызматкери. Самара сегиз бир туугандын жетинчиси. Бактыгүл, Сайрагүл, Айнагүл, Миргүл, Алымкан, Уулжан деген алты эжеси жана өзүнөн кийин Сагынбек аттуу иниси бар. Улуу эжелеринин бардыгы турмуш жолунда, ар кайсы тармакта эмгектенишет. Сагынбек — чыгармачыл адам, аккордеондо, улуттук аспаптарда кол ойнотуп, ырдайт.

ДискографиясыОңдоо

  1. "Эстетпечи"
  2. "Баргым келет апама"
  3. "Өзүңдү күтүп жүрөм"
  4. "Энекем"
  5. "Мен гана билем баркыңды"
  6. "Жүрөккө жүрөк сыр берет"
  7. "Кыздын ыры"
  8. "Неге минтип жүрөмүн?"
  9. "Жүрөк вальсы"
  10. "Сагынуу"
  11. "Айтсаң боло"
  12. "Жайлоодо"
  13. "Уктатпачы мени, жазгы жаан"
  14. "Кайра келчи, каркырам"
  15. "Ак булут"
  16. "Баргым келет апама"
  17. "Кыз узатуу"
  18. "Билбедиң жүрөгүмдөгүнү"
  19. "Ойлодуң бекен мени сен?"
  20. "Үч чындык"
  21. "Жаз"
  22. "Жеңиш күнү"
  23. "Ошол да тоолук кыргызбы?"
  24. "Алча гүлү"
  25. "Жүрөктү кетпе жаралап (folk version)"
  26. "Сени ойлосом..."
  27. "Ала-Тоо "
  28. "Күтмөкмүн (folk version)"
  29. "Апакем (folk version)"
  30. "Баары сендей"
  31. "Өрүкзарга кетели"
  32. "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"
  33. "Периштем"
  34. "Ак кайың"
  35. "Сагынганда атамды"
  36. "Ак куулар сени сагынар"
  37. "Жаңы жыл"
  38. "Ай тумар"
  39. "Жалбырагым дирилдек"
  40. "Эсиңдеби?"
  41. "Бакытка тунуп турам "
  42. "Оо, Жараткан, сактай көр! "
  43. "Ыраазымын жолуктурган тагдырыма"
  44. "Курбулар"
  45. "Эстелик"
  46. "Хуторянка "
  47. "Назар күн"
  48. "Сүлүктү"
  49. "Миллион алых роз"
  50. "Попурри (Indian)"
  51. "Кызыл гүл" (Чырмаш Төрөбеков менен)
  52. "Касиетин эми билдим"
  53. "Тамашалуу ыр"
  54. "Бакытка тунуп турам"
  55. "Издейм сени"
  56. "Жүзүм кыз"
  57. "Булбул"
  58. "Жийде бурак"
  59. "Жаңы жылды тосолу"
  60. "Чиле"
  61. "Көрүнүп койсоң болбойбу?"
  62. "Алдаба куру бекер сөзүң менен"
  63. "Мотор кайык"
  64. "Белес"
  65. "Келсеңчи"
  66. "Жашайм шүгүр кудай деп"
  67. "Сакманчы болуп барсамбы?"
  68. "Кызыл гүл"
  69. "Жалжалым"
  70. "Кимдерге экен?"
  71. "Кызган мени" (Алтынай Нарбаева менен)

ВидеографиясыОңдоо

ТасмаграфиясыОңдоо

ТелекөрсөтүүОңдоо

Сериалдары
Жылы Аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу Эскертмелер
2018 Акшоола Акшоола Акшоола ТВ-сериал

ЧыгармачылыгыОңдоо

Жеке жашоосуОңдоо

2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү улуу Алихан 2015-жылы төрөлгөн. Өмүрлүк жарынан 23 жаш кичүү. Жолдошу Асан Мансуровдун Самара менен таанышкандыгы тууралуу минтип айтканы бар:

«Ош драма театрынын жетекчиси болуп иштеп турган кезим. Курманжан датканын 200 жылдыгына карата Бишкекке фестивалга келгенбиз. Ошол фестивалды көргөнү Самара да келиптир. Жаныма келип "Асан аке сиз болосузбу, мен Самарамын. Аяш атаңыздын кызымын" деп өзүн тааныштырган. Алгач таанышканда, албетте, жубайым болуп каларын билген эмесмин. Баары буйруктан экен, минтип чыгармачылыктын артынан экөөбүз түтүн булатып калдык.»

СыйлыктарыОңдоо

  • "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.
  • 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Т.Турсунбаева, М.Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.

ШилтемелерОңдоо