Кыргызстандын чокуларынын тизмеси түзөтүү

Кыргызстандын аймагынын көбүн тоолор ээлегендиктен альпинисттер үчүн эң ыңгайлуу аймактардан болуп саналат. Бийиктикти багынткысы келгендер үчүн Кыргызстан бейиштин төрү.

1. Жеңиш чокусу Кыргызстандагы эң бийик чоку. Деңиз деңгээлинен 7439 метр бийиктикте орун алып, Тянь-Шань тоо кыркасында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан. Бул чоку мурдагы СССР аймагындагы 7000 метрден ашкан беш чокунун катарын толуктайт. Чокуну багынткан кишиге "Ак илбирс" наамы берилет [1] .

2. Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстандын арасындагы Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндө орун алган. Бийикти 7134 метрди түзөт. Бул чоку 1934-жылы багындырылган.

3. Тамдыкул чокусу Алай кырка тоосундагы чокулардын бири. Деңиз деңгээлинен 5880 метр бийиктикте орун алган. [2]

4. Семенов чокусу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Сарыжаз кырка тоосунун эң бийик жери. Бийиктиги 5816 метр. Чоку Пётр Петрович Семёнов-Тян-Шанскийдин атынан аталган.

5. Сабла чокусу деңиз деңгээлинен 5621 метр бийиктикте орун алган.

6. Каракол чокусу Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан. Бийиктиги 5280 метрди түзөт.

7. Жаман-Суу чокусу Ак-Шыйрак кырка тоосунда жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 5126 метр бийиктикте орун алган. Ошондой эле, Жаман-суу мөңгүсү бар. Анын узундугу 10,4 чакырым, аянты 31,3 чарчы километрге жетет.

Булактар түзөтүү