Колдонуучу:Tamchy Bayan/Шекербек Адылов

Шекербек Адылов

Адылов Шекербек Кубанычбекович 1974-жылы 9-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кичи-Ак-Жол айылында туулган.[1]

1993-95-жж. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эки жылдык бөлүмүндө айтылуу төкмө Тууганбай Абдиевдин сабагын алган.1997-2004-жж. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин филология бөлүмүн аяктаган.[2]

2002-жылдан баштап Республикалык "Айтыш" коомдук фондунда катардагы кызматкер, "Чайкама" гезитинин редактору, 2008-жылы "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы болгон.[3]

2011-жылдан баштап "ЭЛТР" МТРКсынын "Чак Түш" программасынын алып баруучусу, "Сайра Комуз" жана "Залкарлар Баяны" аттуу көрсөтүүлөрүнүн редактору.[4]

Ошондой эле бүгүнкү күндө Республикалык "Айтыш" коомдук фондунда келечектеги акын балдарга сабак берет.[5]

2014-жылы "Өмүр Термеси" аттуу ыр жыйнагын чыгарып, элге тартуулаган.[6]

2019-жылдын күзүндө 25 жылдык чыгармачылык кечесин белгилеген.[7]

"Өмүр термеси", "Аксынын азаматтары", "Бишкек баатыр баяны" аттуу ыр жыйнактардын ээси.[8]

Сыйлыктары:

2005-жылы "Эл ичи өнөр кенчи" аттуу Кыргыз өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн Республикалык айтышта 2-орунду багынтып, Ысмайыл Борончиев атындагы күмүш медаль менен сыйланган;[9]

2006-жылы Казакстан Республикасында өткөн "Улы даланы жырлаймын" аттуу акындардын Эл аралык айтышында 3-орун "Акмола" атындагы сыйлык;[10]

2007-жылы "Кошой-Коргон" Эл аралык фальклордук конкурс фестивалындагы айтышта 2-даражадагы диплом;[11]

2014-жылы "ЭЛТР" мамлекеттик телерадиокомпаниясыы, Ардак грамота;[12]

2014-жылы Маданият маалымат жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси;[13]

2016-жылы Ош шаарында Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн акындардын Эл аралык айтышында баш байгеге ээ болгон;[14]

2017-жылы "Ыйман, адеп жана маданият жылында" төкмө акын Токтосун Тыныбековдун 90 жылдык мааракесинин урматына өткөрүлгөн Республикалык айтышта баш байгени алган;[15]

2018-жылы "Аксы районунун ардактуу атуулу";

2021-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардак наамын алган.[16]

  1. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  2. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  3. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  4. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  5. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  6. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  7. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  8. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  9. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  10. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  11. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  12. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  13. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  14. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  15. https://www.azattyk.org/a/32821963.html
  16. https://www.azattyk.org/a/32821963.html