Кызыл-Суу (Жети-Өгүз району)

Кызылсуу айылы - Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районундагы аймагынын борбору. Ысыккөлдүн түштүк жээгинде жайгашкан.

Отурукташкан жай
Өлкө Кыргызстан
Облус Ысык-Көл облусу
Район Жети-Өгүз району
Координаттар 42°20′36″ с. ш. 78°00′09″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы Покровка
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 15 362 адам (2022)
Диний курамы ислам, христиан
Этнохороним кызылсуулуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 (3948) ХХХХХ
Кызыл-Суу (Жети-Өгүз району) (Кыргызстан)

(мурда Сливкино, 1993-ж. чейин Покровка) — Райондун жана Кызыл-Суу айыл округунун борбору. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Чоң Кызыл-Суу суусунун боюнда, Балыкчы — Каракол автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээли 1760 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шнан 35 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 180 км. Калкы 12,2 миң (2009). Кыштакта 3 орто мектеп, китепканалар, бала бакча, оорукана, поликлиника, мадабият үйү, мечит бар. Кыш, нан жана сыр заводдору, турмуш-тиричилик кызматы, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, базар, автобекет жана башка иштейт. Бул жерде КР УИАнын Теңир-Тоо физикалык-география станциясынын кеңсеси орун алган. Кыштакта Советтик Союзунун Баатыры А. А. Титов туулган.

Покровка, 1978. Кызыл-Суу айылынын мурунку аталышы - Покровка.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү