Кыргызстандын 2017-жылдагы президенттик шайлоосу

Кыргызстандын президенттик шайлоосу2017-жылдын 15-октябрда өтөт. Тиешелүү токтомду 14-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алды. Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнүн белгилөө жөнүндө" токтому жарыяланган соң БШК талапкерлерди каттоону баштайт. Президенттикке талапкер боло турган жаран шайлоочулардан 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөп жана БШКга аны талапкер катары көрсөтүү боюнча партиянын съездинин чечимин алып келиши керек. Талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 75 күн калганда, башкача айтканда, 31-июлда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого керектелүүчү чыгымдардын жалпы сметасын 671 миллион 502 миң сом деп бекитти.Бул каражаттын болжол менен 538,8 миллион сому биринчи тур, калган 132,6 миллиону экинчи тур үчүн каралат.

Шайлоочулар түзөтүү

Мамлекеттик каттоо кызматы 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардын такталган, акыркы тизмесин берди. Президенттик шайлоодо 3 миллион 25 миӊ 768 жаран добуш берүүгө укуктуу. Мунун ичинен 2 миллион 908 миӊ 453 шайлоочу Кыргыз Республикасынын аймагында кадимки каттоодо турган аймагынан шайлайт. Ал эми чет өлкөлөрдөн 18 580 жаран добуш бере алат. 98 735 жаран Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо тилкелеринен добуш берсе болот. Бул жылы 17 180 жаран шайлоочулардын тизмесинен чыгарылганы белгилүү болду: каза тапкандар - 16 687 жаран, Кыргыз жарандыгынан баш тарткандар - 493 жаран, 1974-1994-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жүргөндөр 13 672 жаран[1]

Талапкерлер түзөтүү

[2] Сүрөтү Талапкердин ысымы Кызматы Партиясы
1   Эрнис Зарлыков
(05.09.1967)
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Көз карандысыз
2   Токтайым Үмөталиева
(04.04.1962)
"Ай данек" балдар журналынын редактору Көз карандысыз
3 Темир Сариев
(17.06.1963)
"Ак шумкар" партиясынын төрагасы,
Премьер-министр (2015-16)
Ак шумкар
4   Улукбек Кочкоров
(24.06.1974)
Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаты Көз карандысыз
5 Таалатбек Масадыков
(22.01.1961)
Эл аралык эксперт Көз карандысыз
6   Өмүрбек Бабанов
(20.5.1970)
"Республика—Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы
Жогорку Кеңештин депутаты
Көз карандысыз
7   Арстанбек Абдылдаев
(28.04.1968)
“Аурдин” ишканасынын директору Көз карандысыз
8   Азимбек Бекназаров
(05.11.1956)
Жекелик адвокат Көз карандысыз
9   Сооронбай Жээнбеков
(16.11.1958)
Кыргызстандын премьер-министри (2016-17) КСДП
10   Адахан Мадумаров
(09.03.1965)
Бүтүн Кыргызстан Бүтүн Кыргызстан
11   Камчыбек Ташиев
(27.09.1968)
"Республика-Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы Республика-Ата-Журт
12   Арсланбек Малиев
(08.10.1957)
"Аалам" партиясынын төрагасы Көз карандысыз
13   Бакыт Төрөбаев
(05.04.1973)
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Өнүгүү-Прогресс

Шилтемелер түзөтүү

  1. Президенттик шайлоодо 3 миллион 25 миӊ 768 адам добуш бере алат
  2. ЦИК КР провел жеребьевку между зарегистрированными кандидатами на должность Президента КР по определению очередности включения в избирательный бюллетень