«Кыргызтелеком» ААК — эл жана шаар аралык электр байланышын (телефон аркылуу) уюштурган Кыргызстандагы ири телекоммуникация компаниясы. Анын негизги максаты республиканынын ар бир кардарынын бүткүл дүйнө менен баарлашуусун түзүү. Анда 77,84% мамлекеттин, 12,51% социалдык фонддун жана 9,65% жеке-юридикалык жактын үлүшү бар. Кызматтары: жергиликтүү, шаар жана эл аралык телефон байланышын түзүү; телеграф байланышы, радио жана теле берүү, радиофикация; автоматтык телефон байланышынын кошумча кызматтарын кардарларга көрсөтүү; маалымат кызматтары; маалыматты жеткизүү жана интернет (интернет почтасы); интеллектуалдык түйүн байланышынын кызматтарын көрсөтүү ж. б. Ага Бишкек шаардык телефон байланышы; Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтык филиалдар; республикалык радиорелейдик магистралдар өндүрүшү (теле жана радио берүүлөр үчүн); балдарга билим берүү жана тарбиялоо борбору кирет. Учурда компания телекоммуникациялык байланыштарды жаңылоо долбоорлорунун үстүндө иш жүргүзүүдө (цифралык, спутник техникалык колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн байланыш ж. б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү