Моңголдорго каршы Кыргыз көтөрүлүшү — 1218 жылда, Моңгол империясынын Энесай өрөөнүнө жакын токой эли — Туматтар моңгол падышачылыгына каршы чыгып, Моңгол бийлиги көтөрүлүштү басканга кыргыздарга буйрук берип, бирок кыргыздар аларды баспай, өзүлөрү Курлундун башкаруучулугунда Моңгол империясына каршы көторүлүшөт.

Тумат-Кыргыз көтөрүлүшү (1217-1218)
Дата

1217 — 1218

Орун

Моңгол империясы

Себеп

Моңголдордун падышачылыгына каршы чыгуу.

Өзгөрүүлөр

Угедей Кыргыздарды азыркы Ала-Тоого көчүрүүсү

Каршы тараптар
Кыргыздар
Туматтар
Моңгол империясы
Колбашчылар
Курлун (кыргыз) Чыңгыз хан (моңгол)
Угедей (моңгол)
Тарап күчтөрү
белгисиз белгисиз
Жоготуулар
белгисиз белгисиз

Туматтардын көтөрүлүшү (1217-1217) түзөтүү

Кем-Кемжиуттагы кыргыздардын коңшусу болгон туматтар (байыркы «туба» аттуу түрк уруусунун урпактары, азыркы тувалыктардын бабаларынын бири) 1217-ж. моңголдорго каршы алгачкы ирет көтөрү-лүшкө чыгышкан. Булактар аларды «өзгөчө согушчан уруу» катары сыпаттайт. Тумат аскерлери ал түгүл өздөрүнө каршы Чыңгыз хан жиберген колбашчы Борагул-нойонду да жеңип, өлтүрүп коюшкан. Бирок бул көтөрүлүш басылып, бир топ тумат уруктары кырылган. Чыгыш Тувада (Баргужин-Токум деген жерде) байыр алган туматтардын бир бөлүгү барс жылы (1218-ж.) кайра баш көтөргөндө, Рашид ад-Дин жазгандай, моңголдор аларга жакын турган кыргыздарга бул козголоңду басуу сунушу менен кайрылган. Кыргыздар аскер бермек тургай өздөрү да моңголдорго каршы көтөрүлүшкө кошулуп кеткен. Саян-Алтайдагы түрктөрдүн бул ири көтөрүлүшүн басуу үчүн Чыңгыз хан бардык токой урууларын бийлеген улуу баласы Жучунун кол башчылыгында кошуун жөнөткөн. Оболу Буха-нойон баштаган алдыңкы кошуун Енисейдин Тувадагы башатына чейин кыргыздарды жиреп барып кайткан. Андан соң Жучу өзү кышка маал тоңо баштаган Селенга дарыясына келди. Хамдуллах Казвини (13-к.) Селенга дарыясында кыргыздардын бир бөлүгү жашарын эскергени маалым. Жучунун аскерлери Селенганы ээлеп, андан соң Енисей (Кем) дарыясынын өрөөнүнө жеткен. «Шэн-у цинь чжен лу» аттуу кытай булагында: «Ал (Жучу) Кем дарыясы аркылуу өттү жана аны бойлоп жүрүп отурду. Кыргыз ханханас (хапканас), телейану (теленгут), кэшидими (кыштым), хоин (хор), ирган деген урууларды каратып алды», – деп жазылат. Рашид ад-Дин да кыргыздар менен кошо кайрадан каратылган уруулардын ичинде теленгут, кыштым, урасут урууларын жана кыргыздардын «арка тарабындагы бир айлык жол узактыгындагы» башка урууларды эскерет. Курыкан өлкөсү да моңгол жортуулуна чейин кыргыздарга вассалдык абалда болгону маалым.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.